www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Тегеран Украинадагы жаңжалдын тараптарына курал жөнөтүп жатат деген айыптоолорду четке какты. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Telegram каналында айтылат.

«Биздин саясат башка мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоо жана тиешелүү тараптарга курал-жарак жөнөтпөө», - деген ал.

Тышкы иштер министри Ирандын тышкы саясаты согуштук аракеттерди четке кагууга негизделгенин белгиледи. Ал ошондой эле Тегеран Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга даярдыгын буга чейин бир нече жолу билдиргенин эске салды.

Буга чейин Кулеба Абдуллахияом менен сүйлөшүү учурунда Тегерандан Орусияга колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылганы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости