www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани Ислам Республикасынын Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыз кылууга ажырагыс укугу бар экенин билдирди.

“Биздин бул суу жолунда тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого ажырагыс укугубуз бар жана бул толугу менен негиздүү”, – деди Иравани журналисттерге.

Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Ормуз кысыгындагы азыркы кырдаал Ирандын өзүн-өзү коргоосунун эмес, АКШнын агрессиясынын натыйжасы.

“Аймактагы, анын ичинде Ормуз кысыгындагы азыркы кырдаал Ирандын өзүн-өзү коргоо укугун мыйзамдуу түрдө ишке ашыруусунун натыйжасы эмес. Бул АКШнын туруксуздукка алып келүүчү аракеттеринин түздөн-түз кесепети, алар Иранга каршы агрессияны баштап, аймактык коопсуздукту бузушту”, – деди ал журналисттерге.

28-февралда Израиль жана АКШ Иранга каршы масштабдуу чабуулдарды баштаган. Иран ага жооп иретинде Израиль аймагын жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына соккуларды урууда. Чыр-чатактын күчөшүнүн шартында Перс булуңунан дүйнөлүк рынокко мунай жана суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнүн негизги жолу болгон Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин жүрүүсү дээрлик токтогон.

Последние новости