www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Иса Өмүркуловго кылмыш иш козголгондо Атамбаев камактан сактап калды, баласы машинасы менен адам өлтүрсө дагы ал камалган жок деген сөздөрдү угуп жатсаңыз керек. Сизге карата козголгон кылмыш иштин жабылышына Атамбаевдин таасири болгону чындыкпы?

--Атамбаев баламдын авто кырсыгы боюнча байма-бай көтөрүп, өзүнө караштуу маалымат каражаттары, “Апрель” телеканалынан тынбай айтып келатат. Мен бул кырсыкты душманыма да каалабайм. Балам машинасы менен атайын бирөөнү өлтүргөн жок. Эгер мас абалында болуп же атайлап өлтүргөн болсо башка маселе болмок. Кан жолдо түн ичинде кырсык болгон. Ал боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп, баары мыйзамдын негизинде каралып, өзүнүн юридикалык баасын алган. Балам толугу менен күнөөнү тарткан. Ошол баламдын балдары алды 16 жашка чыгып калды. Ошолордун дагы психикасына доо кетирип жатат. “Өмүркулов убийцанын атасы” деп айтат. Мен эмне адамдарды өлтүр деп айтыптырмынбы?! Каза болгон балдардын ата-энелери да кырсык деп айтып, бири-бирибизге көңүл айтып, куран окутканбыз. Кырсыкты кайра-кайра айтпай, эр болсо Өмүркулов ичип-жеди деп мага асылсын. 4 жыл мэр болуп иштедим, ийне-жибине чейин текшертти. Эч нерсе таппай, аягында парктан 16 гектар жерди катып койгонсуң, кийин сатмаксың деп иш козгогон. Мага кылмыш иш козгоо боюнча команданы  Атамбаев бергенин билем, иш козгогонунун маңызын да  жакшы түшүнөм.

--Досуңуз бийликте турганда сизге такыр эле жарыгы тийген жокпу?

--Мен илгертен бери мамлекеттик кызматта иштеп келатам. Ал президент болуп турганда кызмат сураган жокмун. Мэрликтен кетүүгө мажбур болгом, кетпесем дагы кетирмек. Иш козготкондон кийин экинчи күнү арызымды жазып бергем. Кийин элчиликти сунуш кылышкан. Ага да макул болбогом. Шайлоого барам деп айткам. Тизмеге мынчанчы кылып кой деп дагы айтпагам. Өзү онунчу кылып койду. Анысына рахмат гана айтам.

--Ал киши өзүнө жакпагандарды “чыккынчы” деген мааниде айткан. “Чыккынчы” дегидей ал адамды сатып кеттиңизби? 2006-жылы оппозиция Бакиевдин бийлигине басым кылып турган учурда, силер менен бирге жүргөн Атамбаев бийлик менен сүйлөшүп, премьер-министр болуп кетпеди беле. Анын бул кадамын чыккынчылык деп эсептейсизби?

--Мени сатып кетти деп айтып жатат. Аны сатып кеткидей бүгүн ал жөнүндө маселе болуп жатабы? Мен аны сатып бирөөгө добуш бергидей шайлоо учурубу? Атамбаевдин мөөнөтү бүткөн соң, өзүбүз алып келген талапкер  Жээнбековду колдодум. Экөөсү тил табыша албаса мен саткын болуп каламбы? Жээнбековду шайлоодо дагы колдогом, азыр да колдоп жатам. Анын саясаты туура жүрүп жатат. Съезде партиянын баары Жээнбеков деп колдоп, бүгүн Атамбаевге жакпай калса, баарыбыз аны менен кошо кетишибиз керекпи? Өзүң туура салыштырдың. 2006-жылы он миңдеген адамдар оппозицияны колдоп аянтка чыккан. Баарыбыз ушул жерде күн-түн дебей тикебизден турганбыз. Мен парламенттен дагы сүйлөп жаттым. Биз бийликке катуу талапты коюп жатканыбызды, ал киши Ак үйдүн аркасынан кирип, бийлик менен сүйлөшүп, премьер-министр болуп кеткен. Баарыбызды “оптом” сатып кеткен. Оппозициянын өкүлдөрү баарыбыз түшүнбөй калганбыз. “Көпүрө болом” деп келди. Көпүрө болду, орденди алып кайра кетти. Ошондо дагы мени Өкмөт мүчөлүгүнө чакырганда депутат бойдон калам деп барган эмесмин. Менин ошол кездеги кесиптештерим Текебаев, Исаков, Бекназаров, Шерниязовдор жакшы билет. “Форумга” эч ким каттабай калган. Ошол кездеги жыйындарыбызда мен модератор болуп жүргөм. Биздин максат бул эмес, элдин канын соргон бийлик менен күрөшүү деп атып кайра алып келгенбиз.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов , “Жаңы ОРДО”

Последние новости