www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пассивдүү киреше таап, аз иштеш үчүн адам эмне кылышы керек? Бул суроого РИА Новости агенттигине берген маегинде финансы маселелери боюнча адис, ишкер Елена Парий жооп берди.
Алгач пассивдүү киреше деп эмнени айтарыбызды түшүнүп алалы. Бул күнүмдүк иш-аракеттерден көз карандысыз кирешенин түрү. Башкача айтканда, бул акчалар капчыкка түшүүсү үчүн сиз ушул тапта эч нерсе кылбайсыз.
"Анткен менен пассивдүү киреше түшө баштаганга чейин киши катуу иштеши керек. Тагыраак айтканда, ири суммадагы каражат чогултуп, аны кайсы бир ишке же банкка депозит катары салуу кажет. Бирок акча жөн жатпай, киреше алып келиши үчүн адистерден кеңеш алып, туура багытка жумшоо зарыл. Учурда финансылык консультанттар аз эмес", — деди Парий.
Ошондой эле адис кандай гана максатта акча чогултпайлы, баарынан биринчи каржылык коопсуздук жаздыкчасын даярдап алуу керектигин айтат. Ал тууралуу буга чейин жазганбыз.
Мындан тышкары, адис финансылык пирамидалардан оолак болууну эскертет. Анын айтымында, учурда финансылык сабаты жок адамдар арасында чогулткан бир аз тыйынын шылуундарга алдырып ийгендер өтө көп.
Булак: NazarNews.kg