www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Буга чейин депутат Исхак Пирматовго «Кыргызнефтегаздагы» коррупциялык ишмердиктери, миллиондогон доллар өлчөмүндө мамлекетке зыян келтиргени боюнча кылмыш иштери козголбоду беле? Андан сырткары «Манас» эл аралык аэропортундагы май ташуу боюнча көмүскө бизнес жүргүзгөнү, Бишкек мэриясынан жерлерди алганы, о.э. Чүй облусунан да жүздөгөн айыл чарба багытындагы гектарларды энчилегени ыраспы?

Беловодскидеги, Балыкчыдагы жана түштүк регионундагы нефтебазаларды менчиктештирип алганбы? Деги эле Исхак Пирматовдун шектүү ишмердиктерин күч органдары эмнеге ачыктабайт?» деген суроону коомдук ишмер Кубаныч Кадыровго узаттык.

 «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, убагында «Кыргызнефтегазда» башчы болуп турганда өтө чоң коррупциялык иштерди жасаганы боюнча кылмыш иши ачылып, аягына чыкпай калган.

Себеби, экс-мэр Албек Ибраимов жардам берип, Жогорку Кеңештеги КСДП аркылуу жабылып калган сыяктуу. Бирок, мындай иштер бекер бүтпөсүн эл-журтубуз айдан-ачык билет да. Мындан тышкары, Албек Ибраимов экөө аэропортко барганы бирдикте көп мыйзамсыз, коррупциялык иштерди жасаганы тууралуу да айтылып жүрөт.

Мурунку «Ала-Тоо» мейманканасын эски маданий маанидеги статусуна карабай талкалап, буздурушуп, анын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү салдырып жатышат (Эркиндик бульвары). Бүгүнкү күнү мага жеткен маалымат боюнча, «кайра кылмыш иши ачылып, миллиондогон акчаларды кайтарып берип жатыптыр» деп угуп атам.

Булак: Азия News гезити

Последние новости