www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Зеландиядагы террордук кыймылдан кийин Англияда бир аптанын ичинде 95 исламофобик кол салуу катталды. Бул анын 593 пайызгө көбөйгөнүн айгинелеп турат.

Англиядагы мусулмандарга каршы кылынган окуяларды көргөн жарандык коомдук уюмдардан Tell Mama, Жаңы Зеландиядагы террор кыймылдарынан кийин өлкөдө исламофобик кол салууларда олуттуу өсүү катталганын жарыялады.

Буга караганда, Жаңы Зеландиядагы 2 кол салуу болгон 15-марттан 21-мартка чейин катталган 95 окуянын 85нде түздөн-түз террор кыймылына шилтеме кылынып Мусулмандар коркутулду. Булардан 40 пайызы интернет аркылуу ишке ашты.

Жарандык коомдук уюм, бул сандын исламофобик кол салуунун 1 аптада 593 пайызга артканы түшүнүгүн бергенин белгиледи.

Катталган окуялардын арасында Саутгемптон, Оксфорд жана Лондондо Мусулмандарга карай «Атылышың керек», «Мусулмандар өлүшү керек» сөздөрүнүн колдонулушу, бул кишилердин курал кыймылы жана октун үндөрүн чыгарып коркутуулары мисал көрсөтүлдү.

Tell Mama уюмунун директору Иман Атта, бул абалдын айрым кишилердин мусулмандарга кол салууну акылуу көргөнүн ортого салып турганын белгилеп, «Эми Мусулмандарга багытталган тынымсыз жек көрүү идеологиясы менен бетме-бет келгенибиз ачык»,-деди.

Лондондо 15-мартта жума намазы убагында  радикал улутчул 2 киши, жамааттагы бир кишиге балка менен кол салган жана эртеси күнү да радикал улутчул бир киши 19 жаштагы бир жашты бычактап салган. 21-мартта болсо Бирмингэм шаарында 5 мечитке барскандар менен кол салуу болгон.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости