www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль коронавирусту жеңип чыкканын жар салды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкө коронавируска каршы тез жана таасирдүү эмдөө компаниясынын натыйжасында коронавирусту жеңип чыккан дүйнөдөгү биринчи өлкө болгонун жарыялады.

«The Times Of Israel» гезити билдиргендей, Нетаньяху коронавируска каршы эмделгендерге берилген «жашыл COVID паспорттору» жөнүндө маек курган.

«Израиль таажы вирусунан чыккан биринчи өлкө болду. Ушул «жашыл паспорт» менен ресторандарга, театрларга, спорттук иш-чараларга барууга болот», — деди Нетаньяху.

Анын айтымында, Израиль марттын аягына чейин өлкөнүн бардык улуу муундагы калкын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүп, чек араларын апрелге чейин толугу менен ачууну пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости