СҮРӨТ - Садыр Жапаров экинчи жолу канайым менен эл алдына чыкты
Расмий кабарлар  |   |  2114

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында өлкөнүн бардык аймактарынан келген, ар кайсы кесиптердин өкүлдөрү болгон айымдар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын соӊку тарыхындагы оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраттуулугу менен көтөрүп, жеӊип чыккандыгын белгиледи.