www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунан унаа айдап качып кеткен жаран Нарын облусунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү Сокулук РИИБине жергиликтүү Р.Р. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 10:00дө үйүнүн жанында токтоп турган Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене "автотранспорт каражаттарын айдап качуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде, шектүү жарандын жүргөн жери такталып, Нарын облусунан уурдалган унаа менен жүргөн жеринен 2002-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жанындагы ачкычтары менен жогорудагы унааны ачып алып, аны айдап Нарын облусу тарапка кетип калганы маалым болгон. Учурда унаа ээсине кайтарып берилди", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости