www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качкын Булатов: «Садырга чоң оомат келди. Эми иштеши керек»

NazarNews маалымат агенттиги укук коргоочу Качкын Булатов менен 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум тууралуу баарлаштык.

- Кечээ өткөн президенттик шайлоону таза, адилеттүү шайлоо болду деп баалап жатышат. Ошол эле учурда шайлоону тааныгысы келбегендер да бар.  Президенттик шайлоо мурунку шайлоолордон эмнеси менен айырмаланды?

- Кечээги өткөн президенттик шайлоо таза шайлоо болду. Тагыраагы, эгемендик алгандан бери Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу таза, административдик ресурс колдонулбаган таза шайлоо болду. Биринчи жолу мугалимдер, директор дегеле  мамлекеттик кызматкерлер шайлоодо добуш алып берүүгө милдеттендирилген жок. Ошондой эле добуш сатып алуу да болгон жок. Эң жакшысы эл өзү каалаган, тандаган талапкерге добушун берди. Бирок, бөйрөктөн шыйрак чыгарып таза шайлоонун да тааныгысы келбегендер пайда болду. Кызыгы, шайлоодо жетиштүү добуш алалбаган талапкерлер шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз дей башташты.

- Шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз дегендерине караганда, алардын бир билгени барбы же жөн эле жеңилгенин моюндарына алгысы келбей жатабы?

- Негизи Адахан Мадумаровдун жетиштүү добуш алалбасы мурун эле билинген. Ошон үчүн бир да банер илген эмес. Ал эл Садыр Жапаровду шайлаарын билген. Азыр жөн эле чырдап жатат.

- Шайлоодо ийгиликке жетпей калган талапкерлер оппозиция болобу же жаңы бийлик менен кызматташуунун  аракетин көрүшөбү?

- Алар жаңы бийликке оппозиция болоору же кызматташаары алардын аракетине жараша болот. Айтайын дегеним, алар жаратман, натыйжалуу оппозиция болобу же башка багытта иш кылышабы аны убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси Садырга  оомат келди. Ал ооматты туура пайдаланып, элдин сүймөнчүлүгүнө айланды. Эми иштеши керек. Эл үчүн, мамлекет үчүн иштей турган мезгил келди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости