www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупция менен күрөшүүдө мектептерге ыйман сабагын киргизүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин бүгүн, 2-февралдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков сунуштады.

«Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат дейт. Жакында Transparency International уюмунун дүйнөдө коррупциянын деңгээли боюнча тизмеси жарыяланды. Анда биз 144-орунда экенбиз. Африканын мамлекеттеринин катарында болуп калыптырбыз.

Төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейин жемкорлук менен баарыбыз кез келип атабыз. Ушул багытта иштесек. Бул оңой чечилбейт окшойт. Балким мектептен тарбия керек. Адеп сабагы, ыйман сабагы деген маселени көтөрсөк деп жатам»,- деди Кадырбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости