www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Глобалдык экономикада ар бир мамлекеттин карызы бар. Жалпы көз карашта карыз терс маанини туюнтканына карабастан, тышкы карыздын көлөмү канчалык чоң болсо, ал өлкө ошончолук өнүккөн деген мааниден кабар берет. Анткен менен мамлекеттин карыз көрсөткүчү ички дүң продукция жана экспорт менен тең салмакта болуусу шарт. Тилекке каршы, бул тең салмактуулукту сактай албаган өлкөлөр бар. Эгер бир өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү аз болуп, экспорттук көрсөткүчтө төмөндөө байкалса жана ошого карабастан тышкы карыздын өлчөмү чоң болсо, анда бул өлкөнү экономикалык жактан өнүккөн деп айтууга болбойт.
Экономикалык изилдөө чакан маалымат менен ишке ашпайт. Ошентсе да, NazarNews маалымат агенттиги жалпылоо аркылуу тышкы карызы көп мамлекеттерди тизмелеп көрсөтүүгө аракет кылдык.
1. АКШ – 16 млрд. $
2. Европа аймагы – 14 млрд. $
3. Англия – 7 млрд. $
4. Франция – 5 млрд. $
5. Германия – 4,9 млрд $
6. Голландия – 4 млрд. $
7. Япония – 3,4 млрд. $
8. Ирландия – 2,5 млрд. $
9. Италия – 2,4 млрд. $
10. Испания – 2 млрд. $
11. Австралия – 1,7 млрд. $
12. Швейцария – 1,6 млрд. $
13. Канада – 1,5 млрд. $
14. Кытай – 1,5 млрд. $
15. Бельгия – 1,1 млрд. $
Жогорудагы тизмеде айырмаланып турган жалгыз мамлекет – Кытай. Өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу, Кытайдын тышкы карызы алда канча аз. Кыргызстанды алып карасак, 2020-жылдын 31-майына карата Мамлекеттик каржы министрлигинин берген маалыматы боюнча Кыргызстандын тышкы карыз көлөмү 351 млрд 27 млн сомду түзгөн.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы (30-апрелге карата) 4 миллиард 592 миллион 840 миң доллар, башкача айтканда, 362 миллиард 574 миллион 810 миң сомду түзгөн.
Анын ичинен тышкы карыз — 3 миллиард 952 миллион доллар (86 пайыз), ал эми ичкиси — 640 миллион 790 миң доллар.
Булак: NazarNews.kg