www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Кайып Шер мырза, биздин өлкөгө каскак болуп, оңоло албай жатышыбызга чоң тоскоолдук турганын ачык айтайын деп келипсиз, ал эмнеде?
— Өзүңөр калыс болгула, биз жакыр жашап жатабыз бүгүнкү күндө. 30 жылдан бери жүз миңдеген мекендештерибиз Россия, Казакстан, Корея ж. б. чет өлкөлөрдө иштеп, көчө шыпырып кыйналып, өлбөстүн күнүн көрүшүп, ит көрбөгөн кордукту баштарынан өткөрүп, өлгөн-талганына карабай жүрүшөт. Элибизди карасаң — дымактуу, эрктүү, анан ынтымактуу.
Бирок, кедей болуп жашап калганыбызга эч түшүнбөйм. Ооба, биз эркиндикке көөп же жокчулукка чөгүп кеткен жокпуз, оор болсо дагы өзүбүздүн тирилигибизди өзүбүз кылып келе жатабыз.
Бийликтеги жетекчилерибиз деле иштегенге аракет кылышты. Бирок, чоң тоскоолдук болгон үчүн тийиштүү деңгээлде иштей албады. Азыр да иштей албай жатышат. Дегеним, биздин бутка темир кишен салган “бирөө” бар. Кептин баары ошондо. Сөздүн ачыгын айтканда, кептин баары Масквада.
— Кантип? Жарды жашап жатканыбызга Москванын кандай тиешеси бар?
–2010-жылы алардын арам ою бар экенин аянтта кыргыздын туусун көтөрүп тынчтык митингине чыккан мен кайдан билиптирмин. Биз тынчтык митинг менен эле “электр жарыгынын баасы кымбаттап кетти, арзандаткыла!” деп чыккан элек.
Айрымдары болсо түндө тигини-муну камап коюптур деп чыгышкан. Элдин айрымдарында ошол кезде жүрүп жаткан реформалардын алкагында кичине бир суроолору бар болчу. Анан ошол элдин нааразычылыктарын Кремлдегилер өз кызыкчылыгына пайдаланып, чаң-тополоң чыгарышты.
Биздин тынчтык минтингди Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен орус тарап өзүнө ыйгарып алды. Биз аянтка келгенде “акыйкат болсун” деп кыйкырып жатканда (кыргыздар акыйкатты жакшы көрөт) айрымдары мылтык менен атты. Ким атканын ошол жерде турган эл жакшы билет, арттан атылып жатты. Мылтык көтөргөн митингдин айрым катышуучулары (Атамбаевдин жакын кишилери дешкен) Акүйдү даң-даң атып жатты.
Ошентип, эч бир күнөөсү жок көптөгөн балдар шейит кетип, “сен күнөөлүү, мен күнөөлүү” болуп так аныгына жетпей калбадыкпы. Бир нерсени кыстара кетейин, чынында Бакиев кадр тандаганды билчү экен. Атамбаев кадр тандай албады.
Шопуруна, жансакчысына, анан Фаритке тандатпадыбы. Бакиевдин ЦАРИге топтогон балдарын карагылачы. Ошол учурда дайындалган балдар менен бүгүнкү күнгө чейин жашап келдик. ЦАРИде башын топтогон балдардын эң жаманы Сапар Исаков болчу. Мына ошол бала кагаз жүзүндө кичине окуп калганбы, Атамбаевке жардам берип, өкмөт башчыга чейин жетти.
Максимдин “секреттерин” мыкты билген Сапар Исаковду акыры Атамбаев жанына алып келди. Кыскасы, кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошобуз деген оргуштаган балдарды Максим топтогон болчу. Мен өзүм сүйлөшүп көрүп, тан бергем ошондо. Кептин баары АКШ базасын кетирбейм дегенден улам чыгып калбадыбы.
АКШ базасы бизге 60 миллион доллардай төлөчү, кийин 200 миллионго чыгарабыз дешкен. Не деген акча. Бүгүнкү күнгө чейин турса далай тешигибизди бүтөп, жапмак экен. Ал эми орустардын Канттагы базасы мурда дагы төлөчү эмес, азыр дагы анча-мынча эскирген ок дарысы менен УАЗдарын бергени болбосо, дээрлик жыртык тыйын төлөбөйт.
Анан ушундай иштерге жаның чыгат экен да. Биз кыргыздар ар дайым жакыр жашап, орустун эшигин эле шыпырып турушубуз керекпи, “товарищ” Путин! Кыргыздар көчөсүн шыпырып, курулуш куруп гана турсун деген саясатты качан токтотосуз? Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөп, элимди багам деген президенттерибизге кысым көрсөтүп, экономикалык жактан кыйнап, саясий технологиялар менен болушунча элге жаман көрсөтүп, анан тополоң менен кетиргидей эмнебизден жаздык?
— Россиянын ошончолук эле Кыргызстанга таасири барбы?
— Илгери Суэц каналын европалыктар укмуш пайдаланып келген да, кан соргучтай болуп. Кийин жергиликтүү элдин өзүнө тийгенде болуп көрбөгөндөй ирденди. Мамлекетти экономикалык жактан бутуна тургузду.
Орусия дагы ошол сындуу Кыргызстандын бутун тушап, кызганып, эч ким менен байланыштырбай, Кытай менен болгон темир жолду салдырбай отурат. 30 жылдан бери көз карандысыз өлкө болгонубузга карабай, Орусия кыргыз жерине өзүн кожойундай сезип келе жатат.
Биз эгемен Кыргызстанбыз, “товарищ” Путин! Сиз бизди антип чектебеңиз. Биз мамлекетибизди өнүктүрүш үчүн башкалар менен кызматташышыбыз керек да акыры. Мына Кытай турат жаныбызда. Биздин 5 миң жылдык мамилебиз бар.
Батыш жакта Түркия деген бир боорубуз турат. Биз үчүн бир эле орус эмес да. Эгер ошончолук эле бизге стратегиялык өнөктөш болсо, анда баарын курбайбы? Мисалы, мынабул “Камбарата –1” ГЭСтерди канча жылдан бери өздөрү салбай, же башкага салдырбай жаткан дагы тигил “товарищ” Путин!
Кыргызстанды колония катары кармап отурат. Кыргызстанды биротоло Россияга чөгөлөтүп, “Кыргызгаз” өңдүү стратегиялык обьектилерди 1 долларга сатып, күңкөр кылган Атамбаев болгон. Ошого орустар өтө жаман көнүп алыптыр. Алардын Белялидинов сындуу ортомчуларына Кыргызстандан жумасына 3 миллион доллардан акча барып турчу деген сөздөр айтылып келет. Ошол каражаттан айрылып калдык дешип, алдыдагы шайлоодон кийин бүгүнкү бийликти кетиргени жатышат.
— Кыргызстанда болгон төңкөрүштөргө да “окемдердин” катыштыгы бар дейсизби?
— Болбогондочу. 2010-жылы анык эле көрбөдүкпү. Азыркы биздин бийликти дагы жактырбай, сыртын салып, тажиктерди тукуруп, согуш отун чыгарып, түрдүү “трюктарды” жасап келишти. Экономикалык жактан блокада кылып, күйүүчү майдын, азык-түлүк майларынын баасын көтөрдү.
Бизден Россияга барган миңдеген тонна мөмө-жемиштерди орус бажычылары артка кайтарып жатышат. Орустар өздөрүнүн империялык “замашкаларын” азыр да көрсөтүп келүүдө. Бирок, элибиз чыдап, баарын көтөрүүдө. Эми шайлоодо элди толкутуш үчүн болбогон бир шылтоо менен бензинди токтотуп коюптур, бизде эки жумалык күйүүчү май калды деп жатышат.
Так ошол шайлоо күндөрү бензинге тартыштык жаралса, тамак-аштын баасы көтөрүлөт, жыйынтыгында эл кайра толкуйт, анан биз бул бийликти кетиребиз деген ниетте жасап жатышат да. Бул өтө ыпластык да. “Койнунда котур ташы барлар” гана жасайт. Булар тынымсыз кыргызга кыянаттык кыла берсе, гөрүндө өкүрүп калат.
Бүгүнкү бийлик мага деле жакпайт, бирок аны алмаштырсак, өзүбүз каалаган маалда кетирип алабыз. Азыр элге кызмат кылайын деген ниетте иштеп жатышат, баарыбыз аны көрүп жатабыз эң башкысы. Бийликтин азыр аракеттери бар, убагы келгенде жаман жакшыга бөлүп, өзүбүз иргеп алабыз. Анан орустар мынчалык кордобосунда кыргыз элин. Токтотсун мындай иттигин! Биз көктөн түшкөн элбиз, өмүр бою көчө шыпыргыч болуп жүрө албайбыз.
— Демек, шайлоого да кийлигишип жатабы?
— Биздин шайлообузга кийлигишип, элди көчөгө чыкканга мажбурлап жатабы деген ой кетип жатат. Биз Садыр Жапаровду алмаштыра турган болсок, кийинчерээк, кемчиликтерди кетирсе, өзүбүз алмаштырып алабыз.
Тоюс, орустардын катыштыгы жок алмаштырып алабыз. Мен эң башкысы азыркы учурда, ушуну айткым келген. Төңкөрүш болгон сайын жашообуз төмөндөп кетүүдө. Бизди дагы кара басканы турат. 2010-жылдагыдай болуп, сырткы күчтөрдүн таасири астында, эл үчүн кызмат кылайын деген президентти кетирткени жатабыз.
Ушундай кутумчулуктун айынан 11 жыл мурун биздин мыкты президентибиз дагы Белоруссияга кеткенге мажбур болгон. Ошол 2010-жылдагы Июнь окуясында дагы Сулайман-Тоодо жатып алып эки улутту бирдей аткылаган снайперлер болгонун билебиз.
Биз чындыкты бетке айтып, өзүбүз агыбыздан жарыла албай жатабыз. Элибизде тынчтык болсун, түндүк-түштүк болбой жашайлы деп жатсак, кайра бул жактан келип тоскоол болуп жатат. 2010-жылдагы окуяга Бакиевдин күнөөсү жок, ал Кремль тарабынан жасалган.
Аны жүрөгүм сезип эле турат. 7-апрелде каза болгон балдарды башкалар аткан. Экспертиза аныктады, биздин атайын кызматтагы балдардын мылтыгы таптаза болуп чыкты. Кремлдин кызыкчылыгы үчүн кыргыз эли экиге бөлүнүп турат. Чынына келген орустар 100 жылдан бери ошол оюнду улантып, бизди кагыштырып келе жатат.
Сарыбагыш менен Бугунун чабышынан баштап, Кокон бийлиги, Үркүн ж. б. Бизди жакыр кылды, жылына 300дөй мигрант Оруссиядан өлүп келип жатат. Согушта дагы мынчалык өлгөн эмес. Жапжаш уул-кыздарыбыздын сөөгү келип атат. Көчөдө такыр баштар бычак менен сайып кеткени канча. Мындайларды орус бийлиги ташташы керек.
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкого ырахмат, тайманбай, орустун каарынан коркпой туруп, согуш чыгып кетпесин деп президент Бакиевди алып кетти. Эл эми түшүндү аны. Бүгүн алардын тоскоол болуп жатканына жаным ачып, ушул сөздөрдү айтып жатам да. Темир жолду, ГЭСтерди салдырбай бизди кысып жатпайбы. Мындай саясатын токтотушу керек орустар. Бүгүнкү бийликти кайрадан кулата турган болсо, анда булардан такыр көңүлүбүз калат, биз түңүлөбүз.
Булак: Жаңы Ордо гезити