www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биздеги НПОлор сөз эркиндигин желбиретип алышып, медиа айдыңын козутуп келгени жашыруун эмес», - деди бүгүн, 27-январда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек агай, Болот Темиров камактан чыккандан кийин анын бирөө менен сүйлөшкөн аудио жазуу тарады. Ошондон улам социалдык тармактарда батыштын максатын ишке ашырган НПОлор менен сырттан каржыланган маалымат булактарына көзөмөлдү күчөтүү керек деген пикирлер арбын бола баштады. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

- Раим Матраимовдун айланасындагы ызы-чуунун пайдубалын кудум Батыш каржылаган «Азаттык» жүзөгө ашырганын, болгондо да алардын көңүлүндөгүдөй резонанс жараткандыгын көздөн чуурултсак, ошол эле ыкма менен акылдан чалмай башталды. Болот Темировдун кимдигине, не менен шугулданып жүргөнүн көпчүлүк биле бербейт эмеспи...

Кала берсе банктагы эсеп-кысабы, башкасы деле маалым эле. Кимдин кол баласы, максаты не экени бештен белгилүү. Бирок, биздеги НПО жана башка акты кара деп көрүп келишкен саясатчы сөрөйлөрдүн жоон тобу (бийлик үчүн жанын деле сатып жиберүүгө дайарлар) сөз эркиндигин желбиретип алышып, медиа айдыңын козутуп келгени жашыруун эмес.

Бийликтин бул жаатта Алыбайдай алы жоктугу гана өкүндүрөт. Алар маалымат согушунун корбашчылары болушкан соң, пландуу түрдө Темировдун күйүтүндөй бирдемелердин үзүмүн утуру узун элдин учуна угузушуп, көрсөтүшүп элге жан тарткан жалаң төш палвандардын кейпин кийип алышат.

Жанагы интеллигенция, журналист-жазуучу, ырчы башкалар деле мындай учурда оомалардай дендароо тартып туруп калганы кызык. Эми аларга каршы бирдемелерди жасашса, кайрадан ызы-чуу сөз эркиндигин муунтуп жатышат деп жер тепкилеп чыгышат.

Өзү сөз эркиндиги не экенин, аны неге кошуп ичүү керектигин билишпесе деле кыйкырык салышып, митинге жөнөшөт. Бул эми өнөкөт дарт деле болуп калды. Кечээки ызы-чууну көрбөдүкпү, баңгизат менен колго түшүп, канында анын белгилери табылса да, ал өзүн баатырдай, чынчылдай сезип, кайра бийликке сес көрсөтүп турганда көбүбүз көзүбүзгө жаш алдык.

Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат дегениң ушул эмеспи. Демек, Темиров жана ушуга окшогон жазмакерлердиге тыйуу салбастан, алар жарыялаган иликтөөлөрүн мыйзам чегинде сотто карап, анан гана бүтүмгө чыбык уруу абзелдей.

Соңунда ошол эле медиялар аркылуу анын же алардын калпычылыгын, буйрутмачыларга иштей тургандыгын так жана ыкчам жар кылса, уялбагандан өзүң уял дегени суу кечпей калышы ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости