www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камактагы эк-депутаттын жана эки активисттин абалы начар. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери 17-18-декабрь күндөрү СИЗО-1ге барышып, Орозай Нарматова, Перизат Суранова жана Али Шабдан менен жолугушкан.

Сүйлөшүү учурунда борбордун директору Бакыт Рысбеков аларды ачкачылык акциясын токтотууга көндүрүүгө аракет кылган, бирок алар баш тартышкан.

«Экс-депутат Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы абдан тынчсыздандырууда. Али Шабдандын да физикалык абалы начар, анын айтымында, ашказанында жара бар. Буга байланыштуу Улуттук борбор Жаза аткаруу кызматынан алардын ооруканага жаткырылышына көмөк көрсөтүүнү, медициналык көзөмөлдү күчөтүүнү суранат», - деди Бакыт Рысбеков.

Эскерте кетсек, 17-декабрда Бишкектеги СИЗО-1 абагында бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 12 айыпталуучу ачкачылык жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости