www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жасалган "Тайфун" деп аталган баллистикалык ракетанын учуу аралыгы 1000 чакырымга чейин жеткирилет. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

Эске салсак, Түркия октябрь айында Кара деңиздин үстүндө ата мекендик өндүрүштөгү кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сынаган. Ал 561 чакырым учуп, Синоп портунун жээгинен кулап түшкөн. Ракета түркиялык Roketsan компаниясы тарабынан жасалган.

Эрдоган анда ракетанын ыраактыгы көбөйтүлөрүн билдирген.

Россиянын илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери Виктор Надеин-Раевски Эрдогандын баллистикалык ракета тууралуу билдирүүсү өлкө армиясынын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун жаңы деңгээлине чыгып жатканын жана аскерий чөйрөдө өз алдынчалыгын арттырууга даяр экенин дүйнө коомчулугуна жөнөтүлгөн сигнал катары баалоо керек деп билдирген. 

"Муну менен Түркия курал өндүрүүдө жаңы деңгээлге чыкканы билдирип жатат", - деген эксперт.

"Тайфун" ракетасынын учуу аралыгы 560 чакырым деп жарыяланган. Мен алар (өндүрүүчүлөр - ред.) менен өткөн аптада жолуктум. Алар 1000 чакырымга жетебиз дешти", — деген Эрдогандын сөзүн Аnadolu келтирди.

Түркия биринчи жолу өзүнүн баллистикалык ракетасын 2018-жылдын март айында сынаган. Андан соң кыска жана орто аралыкка учуучу Gökdoğan ракетасы менен алыска учуучу Bozdoğan ракетасы сыноодон өткөргөн.

Түркиянын Коргонуу өнөр жай башкармалыгынын башчысы Исмаил Демирдин айтымында, эки ракета тең жыл аягына чейин ишке кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости