www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кийинки футбол боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган командалардын санын 32ден 48ге чейин көбөйтүү күтүлүүдө, бирок акыркы чечим 2023-жылы кабыл алынат.

2026-жылдагы дүйнө чемпионаты тарыхта биринчи жолу бир эле учурда үч өлкөнүн аймагында өткөрүлөт: АКШ, Канада жана Мексикада. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы билдирди.

Буга чейин турнирди биргелешип өткөрүү тажрыйбасы бир гана жолу болгон – 2002-жылы Япония менен Түштүк Кореяда.

2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын оюндары 16 шаарда өтөт. Алардын 11и АКШны (Сиэтл, Сан-Франциско, Лос-Анджелес, Канзас-Сити, Даллас, Хьюстон, Атланта, Бостон, Нью-Йорк, Филадельфия, Майами), үчөө Мексиканын (Мексико, Гвадалахара, Монтеррей), экөө Канаданын ( Торонто жана Ванкувер) шаарларында өтөт.

Катышуучулардын саны 32ден 48ге чейин көбөйөрү күтүлүүдө. Топтук турнирдин акыркы форматы 2023-жылы белгилүү болот.

Тандоо турнири 2023-жылы башталат.

Белгилей кетсек, Катарда өткөн быйылкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталып, 18-декабрда жыйынтыкталды.

Оюндар Катардын 5 шаарындагы 8 стадиондо өтүп, жалпы 32 өлкөнүн курама командалары беттешти.

2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Аргентина болду. Финалда аргентиналыктар Францияны пенальтилер сериясында 4:2 эсебинде утуп алды.

Чемпионатта экинчи орунда Франция, үчүнчү орунду Хорватия алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости