www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков өзү киришип, тажик коллегасы менен чек ара сызыгын толук тактабаса бул чыр токтобойт.
- Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин Баткенге чек ара жаңжалы башталар замат жөнөп кеткендигиңизди ар кандай кабыл алышты. “Кырдаалдан пайдаланып жеңил пиар жасап жатат”- дегендер да чыкты...
- Ким кандай кабыл алат, бул ал адамдын өз эрки. Менин табиятым ушундай, элимдин башына оор иш түшкөндө жөн гана четте карап тура албайм. Мындай мүнөзүмдү мен баскан жолду билген журтчулук жакшы билет. Менин максатым - отту алоолонуп кетпеши үчүн чок кезинде өчүрүүгө аракет жасоо болчу. Баткенге барсам кырдаал өтө опурталуу экен. Кыжыры кайнап, коё берсең азыр эле селдей каптап кирип, жекеме-жеке мушташчудай абал түзүлүп калыптыр. Андыктан, карапайым адамдарга жолугуп, таш же мылтык менен бул талашты чечүү мүмкүн эместигин түшүндүрүүгө аракет жасадым.
Жогорку Кеңештин депутаты кезимде эле чек арага тийешелүү маселелерди көтөрүп, чектеш аймактын тургундарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү керектигин айтып келгем. Таң калыштуусу, мына андан бери канча жылдар өттү, бирок, чек арадагы көйгөйдү чечүүгө бир да аракет жасалбаптыр. Анын азабын карапайым калк гана тартып келе жатат. Дегеним, кыргыз-тажик чек арасында мындай чырлар акыркы кезде өтө көбөйүп баратыптыр. Чек арага чектеш айылдагы адамдар бул көйгөйдө өздөрүнө гана ишенип жашап келатышат. Алар түнкүсүн мылтыгын койнуна салып укташарын кеп кылып беришти. Борбордук бийликти мындай кой, ошол Баткендин жергиликтүү чиновниктеринин бири да элден кабар албайт, “на произвол судьбы” таштап коюшкан.
Андыктан, карапайым эл эч кимден деле жардам күтпөй калышкан. Бул аймакта бийликтин кадыр-баркы дээрлик жок. Мен ал жакта жашап жаткан мекендештеримдин турмушун көрүп, жүрөгүм ооруду. Аларга таазим этем. Анткени, кандай азаптуу турмушта жашап жатышса да, эл-жерин коргоп, чек арачы жоокерлерден да чоң жумушту аткарып жатышат. Алар айтышты, “эгер биз көчүп кете турган болсок, эртең эле үй-жайыбызды тажик тургундары ээлеп алышат”- деп. Бул көйгөй бүгүн чыга калган жок. Баары билет. Бирок, эмнеге аны чечүүнү ойлошпойт? Чек ара аймагында жашаган элди социалдык жактан камсыздандыруу, кошумча жөлөк пулдарды төлөп берүү жагын тез арада мамлекет чечиши зарыл.
Баткенге барып келгенден кийин да, жергиликтүү тургундар мени менен байланышып, мурдагы көйгөй кайра эле кала берерин айтышып, ишенбестик билдирип жатышат. “Булар чыр чыкканда эле пайда болуп, басаңдаганда бизди унутуп калышат, жогору жакка айтып, биздин абалды туура түшүндүрүңүз”- дешет. Анан коёнчо жашынып, элдин алдына чыгып сүйлөй албаган облус, район жетекчилигин алмаштыруу керектигин көп айтышты. Президент Сооронбай Жээнбеков өзү киришип, тажик коллегасы менен чек ара сызыгын толук тактабаса бул чыр токтобойт. Андыктан, бийликтен чечкиндүү аракеттерди күтөм!
- Сиз Баткенге бара жатып, “бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече албайт” деген билдирүү калтырдыңыз. Муну көпчүлүк бийликке каршы оппозицияга өткөндөй кабыл алды?
- Чындыгын айтуу керек, менин минтип катуу жазганыма себептер бар эле. Кырдаал абдан оор болуп жатса, эч бири кымырагысы келбеди. Түштөн кийин гана барып, баарын жайгарган болуп чыга келишти. Ушундай оор учурларда мамлекеттик бийлик сааттын жебесиндей бат, так иш алып барышы керек да. Оппозиция дейсиз... Мен бирөөгө атайын каршы чыккан адам эмесмин. Мен ар дайым элим тараптамын. Элдин гана кызыкчылыгын коргоп келе жаткан адаммын. Элиме кимиси кыянатчылык кылбасын, ал оппозиционер болобу, бийликтеби, ар дайым каршы туруп, коргоого алууга даярмын!
- Атамбаевдин катуу сөздөрүн уктуңуз. КСДП оппозицияга кетти. Бул жөнүндө оюңуз, кошулуп кетпейсизби кокус?
- Биз бир гана жолду тандап алдык, эмне болбосун, биз элдин кызыкчылыгын коргойбуз. Ким саясий упай топтоону гана ойлосо, башаламандыкты көздөсө, өлкөнү чайпалткысы келсе, алар менен жолубуз башка. Ким эл десе, ошол бизге дос...
Булак: “Майдан.Kg”