www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевди боштондукка алып чыгуу демилгесин көтөрүп чыккандар коомчулукта сынга кабылды. Көпчүлүк Отунбаеванын көз карашын тандалма ырайым сурап жатканына нааразы болуп, башка дагы саясий туткундарга бирдей кароосун өтүнүүдө.

Алардын бири саясатчы Камчыбек Ташиев төмөнкү кайрылууну жолдоду:

"Урматтуу Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери!

Президенттен сураган ырайымдуулук эмне үчүн тандалма болуш керек.

Ошол сиздер сураган ырайымга Бекболот Талгарбеков, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов татыктуу эмес беле.

Жогоруда аты аталган мамлекеттик ишмерлер саясий көз карашы үчүн бейкүнөө камакта олтурушат.

Президенттин ырайымы ушул эл уулдарына тегиз берилиши керек.

Өмүрбек Текебаев өзү да ушуну айтмак.

Урматтуу Президент!

Жогоруда аты аталган бешөөнү тең бошотууңузду суранабыз"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости