www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Өмүрбек Бакиров кабинетинен чыгарылгандан бери көчөдө жүргөнүн айтып чыкты. Орган кызматкерлери өткөн чагын казып жатышканы каңкууланды. Негизи саясат бычактын мизи сымал опурталдуу экенин башынан аңдабаса керек. Этият жүрүшү керек эле.
Кайсы бир маселе үчүн атын чыгарып, упай алуу оңой. А турмуш жүзүндө позицияң үчүн күрөшүү оор. Өмүрбек Бакиров убагында Алманбет Анапияевдин «желдети» катары жүргөнү, өкүл баласы экени ЖМКларга чыгып келген. Күмөндүү ишкерлиги аңыз жаратканын кайда жашырабыз?
Натыйжада, тегирмендин ташына каршы туруштук бере алабы? Кылмыш иштери катары менен козголоруда болжонууда. Саясый оюндардан оолак турса, Талант Мамытовдун тилине кирбесе, түз жүрсө, азапты башына үйбөйт беле?
Айрым маалыматтар боюнча алсак, Камчыбек Ташиевге каршы сүйлөгөнү үчүн Өмүрбек Бакировдун өкүнүп жатканы ыраспы? Кыйла эле ыңгайсыздык жаралып калды окшойт. Кечирим сурап кутулабы, же аягына чейин күрөшүүгө духу жетеби? Аз убакытта андалат...
Булак: Азия News гезити