www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрымдар кан коюу болгондо суюлтуунун табигый жолун билишет. Анткени кан коюу болгондо кан айлануу жайлап, ички органдар, мээге кычкылтек жетпей калат. Балким тромб пайда болушу да мүмкүн. Кан айлануу нормада болушу үчүн жөнөкөй кеңештерди билип алуу зарыл. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты. 

1. Сууну көп ичүү керек. 85 пайыз адамдар сууну аз ичишет. Бул жерде сөз табигый суу жөнүндө болуп жатат. Чоң киши күнүгө болжол менен 2-2,5 литр суу ичүүгө тийиш. Ысыкта андан да көп болушу керек. Чыныгы табигый суу - тромбдун пайда болушунун алдын алуучу эң күчтүү каражат. 

2. Биз сиздерге канды суюлтуучу азыктардын тизмесин жарыя кылабыз. Зайтун майы, алма уксусу, чеснок менен пияз, лимон, күн караманын чемичкеси, кызылча, какао, балык жана майы, томат согу, сулу боткосу, малина, черника, алча, чие, имбирь, кабакча, ашкабак, бадыраң. Ар күнү булардын 1-2 тамактанууда болсо тромбдун алдын алган менен барабар.

3. Урматтуу окурман, сиз канды коюлтуп жиберүүчү азыктарды да биле жүрүңүз. Эттин сорпосу. колбаса, ышталган азыктар, ак нан, каймак, ит мурун, банан,сары чай чөп, чалкан, жүгөрүнүн чачысы.

*Жаңгактын курамында белок көп жана кальций, магний, калий да бар. Жаңгак, миндаль, кешьюда аргинин деген аминокислота көп санда болгондуктан организмде азоттун оксиди пайда болот. Дал ошол азоттун оксиди кандын коюуланышынын алдын алат. Бир күндө 30 грамм жаңгак сунушталат.

*Кан тамырлардын абалын жакшыртып, кандын нормада айлануусуна кызыл калемпирдин да салымы бар. Ал үчүн күнүгө бир калемпир жеш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости