www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1. Бир аш кашык көк чайды эки стакан кайнак сууга жарым саат тыныктырып чыпкалап алып жуулган чачка кайра-кайра сүйкөлөт. Андан кийин чайкабай эле коюңуз. Көк чайдан даярдалган кондиционер чачты жибектей жылмакай жана жумшак кылат. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты. 

2. Майлуу чач үчүн чайкоочу каражат. Бир стакан коюу демделген кара чайга бир стакан эмендин кабыгынан даярдалган тундурма менен аралаштырып, таза жуулган чачты чайкайсыз.

3. Конокко барарда бир стакан кайнак сууга эки чай кашык кара чайды демдеп, аны менен чачты суулап алып чач жасатса чач жасалга көпкө сакталат, бул каражат лактай эле кызмат аткарат.

Тиш доктурдун айтканы

**Бир чай кашык аш содасы менен бир чым-чым тузду 50 грамм сууга салып тиш щеткасын чылап кой да арадан аз убакыт өткөн соң тишти жууса агарып жылмаюуда жагымдуу сезилет. Сода ооз көңдөйүнө зыян деле эмес, ошентсе да тиштин ак болушун көздөп көп урунганды токтотуңуз.

**Апельсиндин кабыгы менен кеминде он мүнөттөй тишти сүртүп турса тиште пайда болгон таш кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости