www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Эрнис Кыязов Фейсбуктагы жеке баракчасына маркум журналист Чынара Токонова тууралуу пост жазды. Анын жазгандары төмөндө толугу менен:

ЖАН...

...күз али бүтө элек, а кыш али келе электе Чынара сен ушунтип өмүрүңдүн отуз жетинчи ирмеминде Кудай чакырган экен, кете бердиң... Күзгү суукта гүлү күбүлө элек чөптөргө конгон муздак карды көрүп үшүгөндөй "..ушундай да болот экен ээ.." деп сенин тагдырыңды өзү каалагандай өкчөгөн ажалга тан берип, ошону моюндап жаныбыз үшүдү... Кызыл чүпүрөк жабылган сенин денеңди эл астына апкелишип, анан молдоке сүйлөдү, "..О Кудай, мынча акыйкатсызсың.. кырчындай жаш кезинде алып кете бердиң.." деп Аллахтын буйругуна, чечимине нааразы болбогула, маркумдун акыреттеги жакшылыгын тилегиле.." деди ал. Ошенттик. Жаназа окулду. Дуба кылдык кечээ эле тирүү, бүгүн арабызда жок Чынаранын арбагына багыштап. Кызыл чүпүрөк жабылган сөөк көпчүлүк аралап, кылаң-кылаң этип көзгө бир урунуп, бир урунбай акыры машинеге салынды да, үйдөн алыстап узагандан узап кете берди... Мүрзөгө сөөгү коюлуп, Чынара менен бу тирүүлүктө качандыр бир учурларда көздөшкөн, сөздөшкөн, мамилелешкен кишилер биринен сала экинчиси бозоргон борпоң топурактарды күп-күп этип күрөктөр менен казылган көрдү көздөй улам толтура шилей башташты. Топурак толуп олтуруп дөмпөйгөн дөбөчөгө айланды. Анан маркумга арналып Куран окулду. Чынараны чын дүйнөгө узатып болуп, баарыбыз жалган дүйнөгө тарадык... Мүрзөдөн кайткан ар пенденин оюнда Чынаранын элеси жылт-жулт этип, аны менен болгон мамилелери кыялый тасма болуп көздөн чууруп өттү болуш керек... "Кубатаалы кызы Чынара " деген жазуусу бар жөнөкөй бир жыгачтын кесиндиси үстүнө коюлган боз дөбөчө жаңы казылган топурак жыттанып, күз жыттанып, күзгү жамгыр жыттанып, кылактаган кызыл замбилден көзгө көрүнбөй учуп чыгып бу көрүстөндөгү баарыбызды карап тургансыган ЖАН жыттанып алыста кала берди... Кош, Чынара! Жараткан сага бейишинен орун берсин!..

Эске салсак, журналист Чынара Токонова 4-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган. 37 жашында көз жумган маркум бир катар телеканал жана радиолордо эмгектенип келген.

NazarNews.kg маалыматтык агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости