www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин организм тез даярдалуучу тамак-ашты колдонгондо сиңире албай абдан кыйналат экен. Анын ичинде боор жабыркайт. Ошондуктан маал-маалы менен тазалооочу процедураларды аткаруу зарыл. Төмөнкү үч суусундук боорду тазалап, организмде топтолгон май калдыктарын жана токсинди чыгарат деп айтылат. Бул тууралуу "Шамбала" гезити жазып чыкты.  

1. Жарым лимон, бир болгар калемпири, бир алма, бир бадыраңдын согун сыгып алып тургузбай ичүү керек. Эгер күнүгө 2-3 стакан сок иче алсаңыз, керексизден тазаланып, сергий түшкөнүңүз байкалат.

2. Бир лимондун согу, бир банан жана бир чыны көк чай боорду тазалоочу өзгөчө каражат.

3. Бир чыны сууга жарым чай кашык куркума, тырмактай имбирь, бир лимондун согун кошуп ичсе да артыкчылыгы бар, боор тазаланып, ичеги токсинден арылып, өттө таш пайда болуу ыктымалдыгы жоголот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости