www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана облусунун Алтыарык районундагы каналдын жээгинен жаңы төрөлгөн наристенин сөөгү табылды. Жергиликтүү милиция бөлүмүнөн кабарлашкандай, бала ал жакка чарчап калгандан кийин ташталган.

Маалыматка карганда, жуурканга оролгон наристенин сөөгү 2-январда Фергана кичи каналынын жээгинен табылган.

«Ал 10 күндүк наристе экен. Аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин таштап кетишкени айтылууда. Учурда мааленин бардык жашоочулар текшерилип жатат», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Тергөөнүн алкагында Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Алтыарык жана коңшу райондордо иштеген акушерлер менен медайымдарды суракка алышты.

Азырынча бул кылмыштын себептери жана чоо-жайы белгисиз.

«Учурда ДНК-тесттин негизинде наристенин апасынын ким экенин аныктоо иштери жүрүүдө. Тергөө уланууда», — деп билдиришти райондук ички иштер башкармалыгынан.

Булак: "centralasian"

Последние новости