www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт жылга кесилген милициянын полковниги Абдылда Капаров учурда Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагында. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова кабарлады:

- Азыр ал №51 жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп жатат. Биздин ички тартипти кичине бузуп коймой жагы бар. Биз аймактык ооруканаларга кайрылып сурасак, эч жерге кайрылган эмес, саламаттыгы эсен-соо экен. Азыр ал интервью бергенин да мойнуна албай, "жөн эле менин аты-жөнүмдү айтып коюптур" деп жатат. Мен анын интервью бергенин кечээ көрдүм. Эми жатак абагы болгондуктан колунда телефону болушу мүмкүн.

Буга чейин, тактап айтканда 2019-жылдын 1-январында "Азаттыктын" кабарчысы Абдылда Капаров менен телефон аркылуу байланышып, маек курган. Анда Капаров тамакка ууландырылгандыгын айтып чыккан.

- Мени дарыгерлер сактап калды, ошолорго рахмат. Күтүүсүздөн ууланып, дарыканадан дары алып ичсем да көзүмө эч нерсе көрүнбөй калды. Дарыгерлер карагандан кийин бир аз жакшы болуп калдым. Бул жакта чай, суунун баары ачык, көзөмөлсүз калат. Мени азыр жатак абакта “бийликтин уруксаты жок чыкпайсың” деп кармап отурушат, - деген анда Капаров.

Эске сала кетсек,  Абдылда Капаров 2017-жылы 25-мартта кармалган. Ага прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 297-329-338-беренелери менен иш козгогон. Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да 299-беренеге ылайык кылмыш ишин ачкан.

Буга азыркы президент, өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун арызы себеп болгон. Былтыр 27-июнда Ош облустук соту Капаровду төрт жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн жатак абакта өтөөгө милдеттендирген.

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоп митингдерге катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости