www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Рыскелди Момбеков «түкүрүк өкмөт» дегенден кийин бийликтин бели сынып, оңоло албай жаткан чагы.
Мындай шартта өлкөнүн демин суутпай, премьер-министирлик орунга жаңы талапкерди көтөрүү машакаты бар эмеспи. Чүйдүн кадырлуу аксакалы, губернатор Туйгунаалы Абдраимов өкмөт башчылыкка депутат Канатбек Исаевдин талапкерлигин колдогону кыйла картаны бузуп койду.
Сыягы, башка тыңчыкмаларга караганда, Канатбек мырзанын рейтинги көтөрүлүп турганы, эл учүн жигердүү иштерге батыл киришери калетсиз. Мындай шартта жогорку жетекчилик регионалдык балансты карап, кырдаалдын тынч болуусу үчүн Чүйдүн кулунун колдоп берсе, эртеңки келечек, жалпы өнүгүү үчүн да шарт түзүлмөк.
Аныгында, дал ушул идеялар ишке ашып кетсе, буга чейинки мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер сынат.
Калыгул олуя айтыптыр: «Сарыбагыштан эл башкарчу экөө катар жүрбөс, бирок, бирөө үзүлбөс» деп. Ошол экинин бири Кедейкандын баласы Канатбек экенин бүгүн таанып-билүүгө, колдоого мезгил келди го?!
Себеби, бычакка сап уулдарга дем берип, жамы журтубуздун кызыкчылыгы үчүн пайдаланбасак, анан качан телчигебиз?..
Арстан Алгырбеков
Булак: "Азия Ньюс"