www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев сиз тууралуу жеке пикирин айткан маектен соң Мадумаров менен Текебаев биригиши мүмкүн деген пикир жаралды. Буга чейин саясий талаада эки көз карашта жүргөн саясатчы биригиши мүмкүнбү?

— Менде биригүү деген сөзгө көңүлүм көк таштай калган. Айрыкча кыргыз саясатында арам ойлору менен келишип, мени көп күйдүргөн учурлар болду. Буга коомдун дагы жоопкерчилиги бар. Себеп, билбей туруп эле “Бирик” деп кыйкыра беришет. Менимче, эми кимдин-ким экенине көздөрү жетишти го. Талдап, анализдегенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Өмүрбек Чиркешовичтин берген маегин окуй электе, ар тараптан чуулдашып кетишти. Бир жерде олтурат элем, телефонум тынбайт. Бирөөсү “Ушинтип айтыптыр, сиз кандай дейсиз?” деп сурайт. Ушунчалык көп телефон чалуулар болгондон кийин ошол маекти таптырып окудум. Текебаев өзүнүн жеке пикирин айтыптыр. Антип айтканга анын укугу бар. Мен 20 жылдан бери Текебаевди чыгаан, чанда чыга турган саясатчы деп айтып келатам. Жагабы, жакпайбы Текебаев деген фамилия соңку кыргыз тарыхында өз орду бар. Текебаевдин жасаган иштеринин кээ бирөөлөрү Кыргызстанга катуу зыян келтирген болсо, кээ бир мыйзамдары өлкөгө пайда алып келди. Жалаң эле мыкты, туура иш аткарды деген киши болбойт. Бааны тарых берет. Текебаев кесиби боюнча физик, мен тарыхчы. Тарыхта элдин дүйнө кабылдоо философиясы деген түшүнүк бар. Маселен, бизди 50 жыл бир жерге камап койсо дагы япон, немец, француз, англичан боло албайбыз. Генибизде, каныбызда кыргыз деген бар. Дүйнөнү кыргыз катары тааныйбыз. Ошон үчүн бөтөн мамлекеттердин башкаруу формалары биздин мамлекетке туура келбейт. Биз аны кабылдай албайбыз. Буга бир эле мисал. Кечээ жакында түкүрүккө каршы болуп бир жигит түкүрдү эле, эми кечирим сурап, 5500 сом айып пулду төлөш үчүн тыйын керек болуп жатат.

“Азамат экенсиң, биз сени менен! Туура кылдың! Биз колдойбуз!” деп интернетте олтурган бүтүндөй интернет баатырлары. Франциянын борбору Парижде элдерге полиция зордук-зомбулук көрсөтүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп койгону үчүн бир жигит полицияга катуу каршылык көрсөтүп, көпүрөдөн нары сүрүп өткөрүп койду. Көрсө, Франциянын бокс боюнча чемпиону болгон жигит экен. Ал өзү чыгып “Мен туура эмес кылдым. Полиция дагы туура эмес кылды. Мен башкаларга жакшы үлгү көрсөткөн жокмун. Муну мойнума алам” деп кечирим сурады. Ага 70 миң евро айып пул салды. Эл түнү менен таң аткыча 147 миң евро топтоп алып келгенде, ошол жигит кайрадан “Токтоткула, айып пулга төлөй турган акчадан 2 эсе ашып кетти. Мен ыраазымын” деп суранып элди токтотту. Мына ушул коом, мамлекет, биримдик. Ушул жигит биздин таламыбызды талашып, 70 миң евро айыпка жыгылды, акчасын биз беребиз деп түнү менен чогултушту. Кыргыз коомчулугунда ушундай болсо “Ажеп болуптур, жатсын ошол жерде” деп айтылат. Биздин талабыбызды талашты эле, биз үчүн күйүп кетти деген сезим жокко эсе. Элдин талабын талашып катуу азап чегип жатсаң дагы келип алыңды сурап койгонго жарабайт да. Дагы бир мисал, 1998-жылы Аскар Акаевич Ошко барып чоң жыйын өткөрдү. Облустун ошол кездеги актив деген “азаматтарын” жыйнаган. Ошол жерде Аскар Акаевичтен кыйкырып катуу талап кылышкан. “Улуу урматтуу Аскар Акаевич, Абсамат Масалиев менен Адахан Мадумаров экөөсүн эле камасаңыз эл тынчыйт. Карап олтурбастан камаңыз!” деп кыйкырышкан. Ошолордун бирөөсүнүн көзү өтүп кетти. Аллах акыретин берсин. Калгандарынын баары тирүү. Алар азыр да ошол күндү көрүп жүрүшөт. Бүгүн да дал ошондой жыйындарга катышышат. Бет, уят барбы? Жок. Акаевге “Он миңдеген завод, фабрикалар жарыбаган акчага кетип баратат, менчиктештирүү деген саясатыңызды токтотуңуз!” деп каршы чыгып жүргөнүбүздө, күн-түн КТРКнын “Ала-Тоо” программасынан чыгып, бизди жерден алып жерге сабаган журналисттер тирүү жүрүшөт. Завод, фабрикаларды талкалаганга каршы чыгып койгону үчүн Мадумаровду чейрек кылымдан бери тепкилешет. Ушул жигит туура айткан деп бир аксакал чыгып айта албайт. Себеп, коркот. Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетишине жаңгак уюлу шылтоо болгон, чындыгында башка маселе үчүн кетирген эле деп 90 депутат эмес, 3 орун басарымдын бирөөсү айтып коё алдыбы? Айтып коё албайт. Коркушат. Бизде ушундай коом.

Текебаев “Экөөбүздүн идеяларыбыздын 90 пайызы дал келет” деп айтты. Сиз менен ал кишинин саясаттагы идеяңар эки башка эмеспи. Текебаев кайсыл идеяларды айтып жатат?

— Саясатта эмес, жалпы адамдык жашоодогу принциптер жөнүндө айтып жаткан болсо керек. Саясаттагы көз караштар боюнча, ал киши башынан эле парламенттик башкаруу керек деп айтып келет. Мен андай башкарууга түбүнөн каршы болуп, президенттик башкарууну айтып келем. Мамлекеттин кожоюну болуш керек, өлкөдө жоопкерчиликти бир киши мойнуна алышы керек деп келатам. Ушул багыттан биздин көз караштарыбыз дал келбейт.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости