www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору буга чейин аталган комитеттин күн тартибинен үч ирет киргизилип, кайра алынган. Буга долбоор боюнча өкмөттүн так маалыматы жок деген жүйө айтылган.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы. учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Россия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар “жер Россияга өтүп жатат” деп тынчсызданышкан.

Ал эми Башкы штаб Россияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирүүдө.

2-июнда Башкы штаб инвентаризациянын жыйынтыгында Россия 58,32 гектар ашык жерди колдонуп келгени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу жана учуу-конуу тилкелерин оңдоо максатында 2012-жылы кол коюлган макулдашууга өзгөртүү сунушталып жатканын билдирген.

Протокол эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.

Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.

Кыргызстанда Россиянын төрт аскердик объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси - Канттагы авиабаза. Ал 2003-жылы Канттагы эски аскер аэродромунун базасында ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости