www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор жана Конституциялык кеңешменин мүчөсү Каныбек Осмоналиев жергиликтүү басылмалардын бирине азыркы өлкөдөгү кырдаал боюнча өзүнүн ой-пикири менен бөлүштү.

- Улуттук университетинин ректорлугуна талапкерлигиңиз коюлду. Бул тууралуу чечим кабыл алдыңызбы?

- Мен Улуттук университеттин ректорлугуна талапкерлигим коюлганын эл катары эле интернеттен билдим.

- Ректор болуп калсаңыз биринчи кайсы маселенин үстүнөн иштейсиз?

- Биринчи кезекте тартип болот. Эч кимди аямай жок. Университеттин 800-900 миллионунун ар бири тыйынын эсептеп койсо, баары өз жолуна түшөт. Муну менен бирге ал жерде эч кандай тууган, дос деген болбош керек.

Ошондой эле университеттин өзүнүн уставы бар. Ал жерде бардыгы жазылган. Декан өзү ар бир кылган кадамы үчүн жооп бере турган болушу керек.

- Саясий биригүүлөр көбөйүүдө. Саясий принцип дегенди кандай түшүнөсүз?

- Өзү саясий деген эмне? Саясий деген бул – компромисстердин маданияты. Маданияттын жолу менен компромисске барып, өзүнүн көз-карашын билдирүү.

Бүгүнкү күндө Садык Шер-Нияздын Садыр Жапаров менен сүйлөшүп, бир пикирге келип, өзүнүн талапкерлигин алып койгону эң туура чечим болду. Мындай кадамдан бир гана карапайым эл утат. Бир гана коррупционерлер үчүн кыйын болушу мүмкүн.

Ошол эле Бабановдун Садыр Жапаров менен биригиши бул - саясий чечим. Мындай чечимдерди биз сөзсүз түрдө колдошубуз керек. Саясатта эки-экиден чабыштыргысы келгендер да жок эмес.

Айрыкча, сырткы күчтөр. Учурда кыргыз саясатчылары өздөрүнүн эмнеге жөндөмдүү экендиктерин билип, сезе баштады деп ойлойм. Алдыда дагы мындай саясий биригүүлөр болот. Бул калыптуу көрүнүш.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости