www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Нурсултан Назарбаевге Казакстан Республикасынын тунгуч президенти күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу маалымат Нурсултан Назарбаевдин сайтында жарыяланган.

Өз куттуктоосунда Мирзиёев Элбашы Нурсултан Назарбаевге ден-соолук, бакыт жана ийгилик, ошондой эле казак элине тынчтык жана өнүгүү каалап:

“Тунгуч президент күнү - бул көп улуттуу Казакстан элинин тарыхый тандоосу, тынчтыктын жана туруктуулуктун, улуттун биримдиги менен ынтымагынын уникалдуу символу. Сиз өлкө башчысы, эгемендүү Казакстандын болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерине алып келген эффективдүү реформалардын негиздөөчүсү, дүйнөлүк коомчулук тааныган глобалдык демилгелердин автору, тажрыйбалуу жана белгилүү саясатчы, өз элине жана Мекенине кызмат кылууну өзүнүн ыйык милдети деп эсептеген жан аябас лидер катары чоң урмат-сыйга ээ болдуңуз ", - деп жазган Шавкат Мирзиёев.

Белгилей кетсек, Казакстанда 2012-жылдан бери 1-декабрь — тунгуч президент күнү катары белгиленет. Майрам Нурсултан Назарбаевдин өлкө алдындагы эмгегин баалоо максатында уюштурулган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости