www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Райымбек Матраимовду факты жок жемкорлукка күнөөлөгөн болбойт. Аны коррупционер деп айтуу дагы туура эмес”. Бул тууралуу Коррупцияга каршы элдик көзөмөл бирикмесинин төрагасы Камил Умаров NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

-“Кыргызстанда баш аламандык болуп жатат. Күч органдары каалаган адамдарына кылмыш ишин козгоп, камашууда. Факты жок кылмыш ишин козгоп, акча жазап, өздөрү коррупцияга барышууда. Мен көп жылдан бери УКМКга, финполго, прокуратурага жемкорлук менен алектенген адамдардын фактылары боюнча документтер менен кайрылдым. Бирок ошол аралыкта азыр коррупцияга күнөөлөнүп жаткан Райымбек Матраимов боюнча эч кандай далилдерди көргөн жокмун. Себеби, буга чейин канча фактыларды билдим. Матраимов бай, бирок аны кызмат абалынан пайдаланып бай болду деген туура эмес. Байыганы тууралуу башкача изилдөө жүргүзүш керек деп ойлойм. Байкашымча Кыргызстанда бай адамдар көп. Ошол эле мамлекеттик кызматтарда отурган адамдар, аким, айыл өкмөткө чейин байыган адамдар бар. Алардын кантип байыганына асылган адам жок. Болгону Райымбекти факты жок күнөөлөп, байлыгына асылгандары туура эмес. Фактысы жок коррупцияга күнөөлөп чындыкты чыркыратып жатышат. Ал эми экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бир жыл изилдеп, факты тапкан жок. Ал тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат беришти. Бирок ошого карабастан Райымбек Матраимов мамлекетке акча төлөп жатат. Бул биздин түшүнүктүн төмөндүгү. Андыктан биз туура иш жүргүзбөсөк Кыргызстан өнүкпөйт,”- дейт Коррупцияга каршы элдик көзөмөл бирикмесинин төрагасы Камил Умаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости