www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаарындагы мектептерди ачуудан коркуп жаткандыгын мойнуна алды. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.
«Санитардык-эпидемиологиялык кызматтар дагы ачууну сунушташпай жатат. Бир класста 50 адамга чейин болушу мүмкүн. Жалпысынан борбор калаанын мектептеринде 70 миң, ал эми иш жүзүндө 170 миң окуучу окушу керек. Кантип ачылышына уруксат берсем болот? Эгер алар ооруп калсачы? Балдардын ооруканаларында орун жок. Жалпысынан 40 орун бар», – деди ал.
Балбак Түлөбаев белгилегендей, мэрия буга чейин билим берүү мекемелери ачылып жаткан аймактардагы кырдаалга көз салууда. «Эгер кырдаал кадимкидей курчуп кетсе, балким Жаңы жылдан кийин ачып беребиз. Бирок дагы деле болсо дарыгерлер менен кеңешишибиз керек», – деди ал.
Булак: NazarNews.kg