www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Элдик парламентти» бийликке каршы тайманбай алып чыккан экс-вице-премьер Талгарбеков Бекболот менен болгон алгачкы маек.
- 2016-жылдын жазында Атамбаевдик бийликке каршы талпынып чыктыңыздар. Ушул жылдын апрель айында түзүлгөн “Элдик парламент” зилзала болуп, жер силкинген сыяктуу, көз ачып жумгуча эл алдында кадыр таап, ал мезгилде сагынып калган оппозициянын тирүү экенин билгизген. Жүрөгү оозуна тыгылып, чоочуп кеткен Алмазбек Атамбаев “Элдик парламенттин” артында чет элдик атайын кызматтардын генералдары турат деп жеңил ушагын таратып, сиздерге кара пиарын айдай баштайт. Жалган жалаа сүйкөлүп сиз 14 жылга эркиңизден ажыратылдыңыз. Жакында сиз Жогорку Сот тарабынан акталдыңыз. Сизди камагандар камакта, бул «саясий бумеранг» эмеспи?
- 2017-жылдын 2-августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Элдик парламент» оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү Төрөбай Колубаев экөөбүздү «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренесине ылайык 14 жылга соттоп, Марат Султановго он жыл берген. Белгилей кетсек, 2019-жылы 8-февралда Жогорку сот жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жаза өтөөгө чечим чыгарган. 9-мартта үч жылдан бери абакта жаткан соң шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон. «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча актаганы менен «Улуттук кастыкты козутуу» беренеси боюнча айып калтырылган. Эми Жогорку Сот тарабынан бул айып да алынды.
Кайсы өлкөнүн атайын кызматтарынын генералдары турганы тууралуу эч маалымат болгон эмес. Анткени, бул жерде чындык жок болгон. Атамбаевдик бийликке каршы чыккан “Элдик парламент” элдин үмүтүн жандандырып, кырдаалды Атамбаев ойлогондой жагдайга бурбай, тескери бура баштаган. Коомчулук бизди Атамбаевдик бийликке бетме-бет чыкканыбызга колдоо көрсөтүп турду, рахмат бардыгына. Жалган жалаа менен айып тартуу бул оор иш, ал эми бизди камагандар жасаган иштери үчүн айып тартып жатышса керек.
- Сиз айыл чарба тармагын «чемирчкедей чаккан» адиссиз. Президент Акаевдин учурунда ачылып бердиңиз. Бакиевдин убагында сиздей кадрлар суудай керек болгондуктан пресс-катчысы Нурлан Шакиев сизге жолугуп иштеп берүүңүздү суранганда, ал кезде принципке такап койгонсуз. Атамбаевдин убагында ага каршы чыктыңыз, Жээнбеков сиз менен иштешүүгө жетише албай калды. Сизди колдогондор да, көрө албагандар да көп. Таланып-тонолгондордун баарын сизге шылтоолошот. Ошондой сакалдуулардын сөзүн Туу тутушкан жаштар, өткөнгө назар салбастан аларга кошулуп жатышкандай...
- Кыргызстан курамына кирген СССРдин кыйроосу менен колхоз-совхоздор мурдагыдай жогортон башкаруусуз, пландаштыруусуз жана көзөмөлсүз калган. Натыйжада аларда жалпы эмгекке көңүл коштук пайда болуп, чарбаларда мүлктү талап-тоноо башталган. 1991-жылы июль-ноябрь айларында гана кой 2,7 миллионго, бодо мал 39 миңге азайган. Ал эми айыл чарба продукциясын өндүрүү 1993-жылы 1990-жылга салыштырганда 22 пайыз түшүп калган. Айыл чарба жумуштарын жүргүзүү үчүн жыл сайын 2 миллиард 200 миллион сом талап кылынган. Мамлекеттин мындай каражат берүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Ушундан улам эгер дыйкандарга жерди, мүлктү, өз алдынчалуулукту бербесе эмне болмок?
СССРде 45 миллион адам айыл чарбасында иштегени, 300 миллионго чукул эл жарым ач абалында болчу, АКШда 4 миллионго жакын адам 300 миллион элди толук тоюндуруп, ал түгүл азык-түлүктү сыртка экспортойт эле. Ал жакта фермерлештирүу иштери мурун эле башталган. Бир фермерге орточо алганда 65 гектар жер туура келет. 2300 гектар жери бар фермерде жыйырма киши гана эмгектенет. Биздеги колхоз-совхоздордо мындай жерлерде 600-700 киши эмгектенер эле. Кээ бир фермерлер мөмө-жемиштерди өстүрүп өзүң терип ал деген принцип менен иштешет, бул жерде дүкөн, базарларга караганда абдан арзан сатып алышат.
Азыркы статистикага келели башка мамлекеттерге салыштырмалуу Ички дүң өндүрүмүнө Кыргызстандын айыл чарбасынын кошкон салымы жогору. Ички дүң өндүрүмү боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк экономиканын 0,01% ээлеп, 189 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат. Ички дүң өндүрүмү канчалык жогору болсо, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү да ошончолук жакшы болот. Коронавирус илдети болгонуна карабай эң чоң салымды, дээрлик 39% жакын, куруучулар, айыл чарба жана өнөр жай товарларын, электр энергия жана кайра иштетилүүчү материалдарды жана башка товарларды чыгарган өндүрүүчүлөр киргизген. Айыл чарбасы башкы тармактардын бири болгондуктан, эгер айыл чарбасын «шал» кылып алсак, экономиканын башка тармактарына да зыяны тиймек.
- 90-жылдардын жаштарында мындай ой басымдуу болчу: «Бизден жүндү 4-5 сомдон алышат 100 сомго костюм-шым тигип, пайдасын көрүп жатышат. Малдын кени бизде, эттин баасы 4-5 сом, Москва, Ленинградда 1 сомдон турат. Эгер СССРден бөлүнсөк эле, жүндөн костюм-шым тигип сатып байыйбыз, этибизди өзүбүзгө арзан беребиз» деген. Союз тарады Кыргызстандын айыл чарбасы отуруп калбадыбы? Эгер айыл чарбасында реформа болбосо, даана цыгандардай болуп жер кесип кетмек экенбиз.
- СССР тараган соң Москванын дотациясы менен жан багып, бензин, соляркаларды төгүп-чачкан баягы колхоз-совхоздор таз кейпин кийишип, бир литр бензин үчүн асынып өлгөнгө чейин барып калышкан. Мунайзаттын каатчылыгы, мамлекеттик бюджеттен колхоз-совхоздорго бир тыйын да дотация бөлүнбөгөнү, айыл элин мукуратып, айыл чарбасын жок болуп кетүүгө алып келген. Ушундай мезгилде айыл чарба реформасы керек эле.
Кыргызстанда 504 колхоз, совхоздор бар эле, ар бир колхоз, совхоздордо маяна алып кол жоорутпай иштеген көптөгөн вакансиялар боло турган. Мейли, миллионер колхоз, совхоздор өздөрүн-өздөрү багып кетишсин, ал эми көпчүлүк колхоз, совхоздор мамлекеттин мойнуна чап минип, мамлекет каржылап турган. Тешик бюджет менен калган мамлекет булардын барын каржылай алмак эмес. СССР убагында Кыргызстанда койлордун башы он жарым миллионго жеткени менен 1994-жылы жарымысына түшүп калган. Парламент тарабынан айыл чарбасына реформага каршы тикесинен –тик турган. Ооба, көптөгөн жаңы түзүлгөн мамлекеттерде колхоз, совхоздор сакталып калды. Алсак, коңшулаш Өзбекстанда колхоз, совхоздор сакталганы менен колхозчулардын ал-ахыбалы “мышык ыйларлык” абалга келип, элдери талаадан машак да тере албай калышкан. Кыргызстанда деле абал оорлоп пахта, тамеки, эт-сүт алуу төмөндөп. 1993 -жылы колхоз, совхоздорго мамлекеттик бюджет тарабынан авансыланып акча берилген. Ошол мезгилде жеңди түрүнүп бул ишке чамынып кирбесек кандай болмок?
- Кыргызстанда болгон айыл чарба реформасы өзүнүн башкача модели менен элди таң калтырып келатат. Ооба, колхоз-совхоз тарады, бирок эмне себептен тарады ушуну түшүнүш керек ...
- Кыргызстанда айыл чарба реформасы туура багытта жүрбөсө, ал акыбал элет жеринде оор кырдаалда калмак. Капчыктуулар элет жерине киришип, колхоз-совхоздорду арзан баада талап-тоноп кетишмек. Жер реформасы боюнча жайыттан тышкары айыл чарбасына жарактуу жердин 75 пайызы айыл элине бекер 49 жыл мөөнөткө таратылып берилген. Ал эми колхоз, совхоздордун мүлктөрү да бөлүнгөн. Коомчулук бул реформага бут тосуп “Талгарбеков айылды талкаламай болду” деген кеп чыккан. Кыргызстанда айдоо аянты аз гана санда 1 миллион гектардан бир аз ашуун жер бар. Жер бир гана жерди иштеткендерге берилбестен жер реформасы боюнча калыстык кылынып, бардык айыл элине бирдей кылынып бөлүнүп берилген. Жер үлүштөрүн иштегендер да, иштебегендер да, наристелер да, пенсионерлер да, мугалимдер да, дарыгерлер да бирдей алышкан. Канча өлчөмдө жер үлүштөрүн алары, ошол колхоз, совхоздордун жерине байланыштуу болгон. Жерди бөлүштүрүү тынч болуп өткөн.
- Жерди бөлгөн соң майдалап ар кимге бөлүп жибербей кооперативдерди ошондо эле колхоз, совхоздор бөлүнөр менен түзсө болмок беле? Жерди иштеткендер, мал баккандар, баягы эле алдым-жуттум жетекчилер жакшы жерлерге, жакшы сарайларга, жакшы техникага ээ болушуп, көпчүлүк тишинин кирин соруп кала берди. Баягыдай жардам бере турган колхоз, совхоздор жок, айыл элинин бай, кедейге бөлүнүүсү башталды. Ал эми канчалаган жылдар өтсө да кооперативдерди уюштурабыз деген кеп натыйжасы жок калды.
- Жер реформасынын негизинде мал сарайлары, малы менен менчикке бөлүнүп кетти. Негизи бул реформанын багыты боюнча атайын тейлөө боюнча кооперативдер түзүлүш керек эле. Бирок, көпчүлүк чарбаларда техника, тейлей турган башка нерселер бүт менчиктешип кете берди. Көпчүлүк жерде колдоого алына баштаган жер реформасына өзгөрүүлөр кирип жерди пайдалануу 49 жылдан 99 жылга узартылган. Жер реформасынан улам дыйкандар базардын талабы боюнча иштеп, мамлекеттик пландуу заказ берүү токтотулуп, мамлекеттик сатып алуу жүргүзүлө баштады. Ушундан улам да дыйкандар бир жылы жалаң картошка айдап, картошканын наркы түшүп кетип, көп убара болушту.
Эгер жер реформасына чейин чарбалар бюджетке салыктын 13 түрүн төгүп турса, эми дыйкандар жер салыгын жана Соцфондго төлөмдөрдү гана төгүп калышкан. Тоолуу райондор үчүн салыкка жеңилдиктер берилип салыктын жарымы гана төлөнүп калган. Салыктын мындай жеңилдеткен түрү дыйкандар үчүн аба менен суудай керек эле. Биз жогоруда сөз кылган 504 колхоз, совхоздордун ордуна 80 миң дыйкан чарбасы түзүлгөн. Жер реформасына таянып 2 жарым миллион айыл эле жер үлүштөрүн алышкан, бул жер үлүштөрү 99 жылга эсептелинсе, кийин мыйзамдын негизинде дыйкандардын жеке менчигине айланды. Ушунун негизинде дыйкандар жер үлүштөрүн банк жана башка Каржы институттарына күрөөгө койо алышат.
(уландысы бар)
Р. S. Эмкиде Чаяновдун кооперация тууралуу мыйзамы эмне себептен ишке ашпай калганы жана Столыпиндин айыл чарба реформасы Кыргызстанга эмне натыйжа бергени боюнча сөздөр болот.
Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg