www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кошоматчылар жазыптыр. Мындай пикирди коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине маек куруп жатып билдирди.

 --“Азыркы Баш мыйзамда мурдагы кемчиликтердин бири дагы жоюлбаптыр. Жазгандар эмнеге ал боюнча калтырып салышты. 30 жылдан бери төрт тепкичтүү башкаруу болуп келген. Алар алынбай калыптыр. Өлкөдөгү абалга ким жооп берет аны эл билбейт. Ошондой эле, бийликтин баары президентке берип койгон. Бул императордун конституция болуп эсептелет. Президент баарын чечет, бирок жооп бербейт экен. Ал болгону элдик курултайга жана Жогорку Кеңешке  отчёт  берип, эл менен эсептешпейт. Коомчулук үчүн эмес, бийлик үчүн жазылган Баш мыйзам болуптур. Менин оюмча бул кошоматчылардын жазганы. Бул абдан кейиштүү көрүнүш. Буга бир дагы адам туруштук бере албайт”, - дейт коомдук ишмер.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости