www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Ибрагим мырза, Райымбек Матраимов сиз айткандай элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга койсо, неге мурда аны менен мамиле түзүүгө куштар болгондордун көбү ал камакта жатканда үн катып койгонго жарабай баштарын коңулга катып алышты. Же мурдагы санаалаштарынын көбү андан жүз буруп кеттиби?
- Чынын айтсам, Райымбектен кимдер жүз буруп, мамилесин үзүп кеткенин билбейм. Бирок, мен партиянын ичиндегилердин көбүн таанычу эмесмин. Матраимовдон эч ким кол үзгөн жок. Болгону 20-февралда боло турган митинг чукул болуп калып, укпай калдык. Мен тааныгандардын эч кимиси Райымбек Матраимовдон кол үзүп кеткен жок. Тескерисинче, баары “Райымбектин ден соолугу кандай болуп калды? Аны эмнеге камап койду?” - деп тынчсызданып сурап жатышат. Ошон үчүн “Райымбекти колдогондор бүгүн андан жүз буруп кетти...” дегенге кошула албайм. Райымбек кол үзүп кете турган адамдардан эмес. Ал эч кимде боло бербеген асыл сапаттарга бай адам.
- Сиз Райымбек Матраимовду канча убакыттан бери билесиз? Анын негизги максаты элге жардам берүү болсо, эмнеге бир беткей каралап жатат?
- Мен, Райымбекти 4-классынан бери билем. Райымбектин эжеси менен аялым экөөбүз тең чогуу окуганбыз. Райымбек окуучу кезинде эле жаман иштерге аралашпаган, көп нерседен өзүн оолак кармаган жигит болчу. Бой жеткенде деле ошол принцип менен иштеди. Чынында ыйлаган кишинин көз жашын аарчыган, учурунда элдин зарыл маселесин чечкенден аянбаган адамды бир бетке караланышы таптакыр туура эмес. Башкасын айтпасак дагы пандемиядагы жакшылыгына көз жумуп койгонго болбойт. Чынында Кыргызстанга пандемия учурунда Райымбекчелик ким жардам бере алды? Өкмөт айласын таппай, эл кантип абалдан чыгаарын билбей турган мезгилде колундагысын чыгармак турсун, байлыгын басып отургандар толтура болду го. А Райымбек алардан айырмаланып, тапканын эл менен бөлүштү. Ал турсун өкмөт алалбаган медициналык каражаттарды Матраимовдор алып келип, 7 дубанга таркатып берди. Кыскасы, Райымбек Матраимов мамлекетке зыян келтирген жок. Тескерисинче, мамлекетке пайда келтирген азаматтардан болду. Кыйын күндө элинин кашында турду. Канчалаган адамдын өмүрүн сактап калганга себепчи болду. Кыргызстанда Райымбектей ак жүрөк, элим десе ичкен ашын жерге койгон адамдардын аздыгы өкүнтөт. Негизи үч нерсе адамдын ким экендигин билгизип турат. Биринчиси, эмгек. Экинчиси, ак ниеттүүлүк. Үчүнчүсү, жетишкендик. Ушул үч нерсе тең Райымбекте бар. Ошондуктан, аны көрө албагандар каралап, элге жаман көрсөткөндүн аракетин жасап жатышат. Убактысы келгенде бүт баары өз ордуна коюлат деп ойлойм.
- Кыргызстанда Райымбек Матраимовдой бай адам жокпу? Эмнеге элдин баары эле аны сөз кылышат?
- Кыргызстанда Матраимовдон байлыгы көп адамдар толтура. Андан 100 эсе байлар да бар. Бирок, алар бай болушканы менен Райымбек Матраимовдой элге кайрыла беришпейт. Ошон үчүн алар тууралуу көп сөз болбойт. Себеби, алар тапканын басып алышып, сыртка чыгарышпайт. Алар балдарын кийгизбейт же өздөрү да кийинбейт. Тагыраагы, байлыгын эч кимге ыраа көрбөгөн, өз айылына да жакшылык кылбаган адамдар толтура. Райымбек Матраимовдун байлыгы анчалык болбосо дагы марттыгы, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, инсандык бийик сапаттары менен эл оозуна алынып кетти. Керек болсо Камчыбек Ташиев да өз интервьюсунда Райымбек Матаримов акылдуу, жөнөкөй адам деп баса белгилеп кеткен жери бар.
- Неге АКШ Матраимовдун камалышына кызыкдар болуп жатат? Алардын көксөгөнү эмне?
- Негизи Кыргызстанда кыргыз каганаты башталган күндөн баштап, Манастан бери кыргыздар өзүнүн тың чыкма, эл бага турган, журт бага турган жигиттерин айрым адамдардын тилине кирип, салып берип койгон учурлары арбын эле болгон. Ал турсун адилеттик орун алды делген советтик өкмөт түзүлгөн мезгилде деле улуттун келечегин ойлогон азаматтарды репрессияга туш кылышкан. Мына ошол адатыбыздын айынан Райымбек Матраимовду камакка алып, батыштын кызыкчылыгын ишке ашырышты. Райымбекти канчалык каралап, түрдүү жалааларды жапса да, ал баарынан бийик турат. Тагдыр сындыра албаган адамды, адамдар эч качан сындыра албайт. Райымбекти азыр камап, каралап, коррупциянын символундай сүрөттөп жатышканы менен убакыт келгенде баары өз ордуна коюлат. Анткени, Райымбек Матраимов жашоодогу кыйынчылыктардан коркпогон инсан. Жашоодогу кыйынчылыктан коркпогон адамды шамал да, бороон дагы токтото албайт. Анткени, шамал, бороон алсыз дарактарды гана омуруп кетет. Райымбек түптүү дарак. Буюрса, мезгили келгенде баарын өз ордуна коёт. Ал эми батышчыл күчтөрдүн атайын уюштурган митингдери Матраимовдун тагдыры эмес, аларга Кыргызстандын тагдыры деле бир тыйын экенин далилдешти. Өкүнүчтүүсү, батыштын суусуна сугарылган жаштар кыргыздын тың чыкма жигиттерин каралап, сындырууга аракет кылып жатышат. Алар батыштын цивилизациясына кирем деп атып, канализациясына түшүп кетишпесе эле болду. Алар акыркы мезгилдеги аракети менен Кыргызстан деген генийлер чыккан мамлекеттин атын булгап, кыргыздын гейлерин жараткысы келип жатканы кейитет.
Дагы айтам, маселе Матраимовду камакка алса эле баары бүтүп калбайт. Кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт. Буюрса, бүгүнкү сыноолор да өтөт. Бийлик да кимдин ким экенин тактагандан кийин адилет чечим кабыл алат. Анан баарын ордуна коёт. Жашоо уланат. Райымбектин элге кылчу кызматы алдыда...
Булак: NazarNews.kg