www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Буура районунда мөмө-жемиш жана жашылчаларды консервациялаган цех ишке берилди. Бул тууралуу маалыматты жеринен билдирди.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасы менен биргеликте, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнө мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды консервациялаган цех куруп берди.
Аталган цех - аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш ордун түзүүгө багытталган.
Учурда, цехти иштетүүгө 8 адис, долбоордун негизинде окутулуп, кийинки жылдан тарта, цехке керектелүүчү азык-түлүктөрдү сапаттуу өстүрүүчү адистер даярдалат. Кичи иш кананын ачылышында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, "Цехтин мындан ары ийгиликтүү иш алып кетүүсүнө министрлик дайым көмөк кылат",-деп, эмгек жамаатына ийгилик каалады.
Булак: NazarNews.kg