www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда муниципалдык жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча үч адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө Жоош айыл аймагындагы муниципалдык менчикке таандык жалпы аянты 4544 чарчы метр болгон жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө Кара-Суу РИИБине өткөрүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке 10 миллион 350 миң 200 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, Жоош айылдык кеңешинин депутаты, сатып алуулар боюнча адис жана айыл өкмөтүнүн орун басары шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.