www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Let, s go» деген аталыштагы муздак чай чыгарган компания бар эмеспи. Кызыл жана көк чайларды желим бөтөлкөдө чыгарып сатат. Анысы чайбы же «порошокпу» аныгын биле албайт экенбиз, курулай ураан менен элдин капчыгын кагып атканын жакшы билебиз.

Эсиңиздерде болсо, былтыркы жаз алды менен «Let, s go» чайы байгелүү акцияны ойноткон. Анда жүздөгөн велосипед, миңдеген чыгырык дөңгөлөктүү скейт, миндеген чай, дагы толгон токой утуштары бар болчу.

Бирок канча киши байгелүү болгону боюнча маалыматты али күнчө айта албай келишет. Эптеп элдин башын айлантып соодасын жасап жатышат. Бизди кызыктырганы былтыркы жарнамасы менен быйылда ошол чайларын сатып жатканы болду.

А капкагынын ичинде бөтөлкөнүн сыртында чапталган жарнамадагы байге тууралуу бир белги же маалымат таппайсың. Буларды көзөмөлдөп, тизгинин кагып койчулар жокпу?

Булак: Де-факто

Последние новости