www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аз күн мурда Карганбек Самаковдун кылмыш иши Октябрь соту тарабынан токтотулган. Бул боюнча түшүнүксүз маанай жаратып, коомчулукта нааразычылык орун алууда. Эмне үчүн толук кандуу түшүндүрмө берилбейт?

Себеби, Карганбек Самаков кандуу режимде Жаныш Бакиев менен ысык мамиле күтүп, достошуп, Чүйдүн аймагынан жүздөгөн гектар жерлерди үстөмдүк, алдамчылык, айтор, ар кандай жолдо ээлик кылганы жалган беле?

Ошол эле Байтик, Кара-Жыгач, Лебединовка ж.б. айыл өкмөткө караштуу элдин үлүш жерлерин бизнес жүгүртүү үчүн багындырганычы? Бул боюнча жергиликтүү тургундар айлап, жылдап арызданып жүрүшүп, акыры кылмышка шектүүнү каматып тынышкан.

Кетмен менен кертилгендей эле канчалаган гектарлар сатылып кеткен? 2017-жылы Карганбек Самакого «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деген айып тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган эле.

2019 жылы мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эсепке алуу таризинде жаза абагынан бошотулган. Таң каласың, ири өлчөмдө келтиргени, жоготууларды жасаганы териштирилдиби?

Кыскасы, түйшөлткөн суроолор арбын. Көпчүлүк катмар жооп күтүп жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости