www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ) сессиясында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун сакталып тургандыгынан улам кыргыз тарап уюмга мүчө болгон бардык мамлекеттердин көңүлүн маселеге бурууга милдеттүү экенин белгилеген.

"Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат. Өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен, саясий, дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү керек деген көз карашын өзгөртпөйт", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгуу керектигин айтты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан өнөктөштөрү менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниетинде экенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости