www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кытай маалымат каражатындагы Казакстандын аймагы тууралуу макалага байланыштуу Кытайга каршылык жөнөттү. Ал макаланын автору «Казакстан ушул тушта ээлеп турган аймак бир кездерге Кытайга таандык болгон» дегендей мазмунда бүтүм чыгарган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

«Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо менен жолугушуу болду. Анда казак тарап www.sohu.com сайтындагы «Эмнеге Казакстан Кытайга кайтып келгенге умтулат?» деген макалага байланыштуу каршылык айтылды», деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Министрлик тараткан маалыматта, «макала былтыр сентябрь айында Бээжинде кол коюлган эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу биргелешкен макулдашууга төп келбейт», деп белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости