www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо штаттарынын түштүгүндө улам кайталанган торнадо олуттуу кыйроолорго алып келип, адам өмүрүн алды.
Ушул жылдын 12-апрелинде кырсыктан негизинен Миссисипи штаты жабыркады – ал жакта 11 адам көз жуумп, көпчүлүк оор жаракат алышты.
Арканзаста катуу шамал үйлөрдүн чатырын учурду жана электр зымдарынын устундарын кулатты.
Ошондой эле Луизиана, Теннесси, Алабама, Түштүк Каролина жана Түндүк Каролина штаттарынан катуу шамал катталды.
Бул штаттарда миңдеген адамдар дале электр жарыгы жок отурушат.
Ага кошумча, Рим папасы Франциск коронавирус пандемиясын экологиялык кризиске маани бербеген адамдарга каршы чара катары көрөт.
"Биз кырсыктан сабак алган жокпуз" Азыр Австралияда чыккан өрттөр тууралуу ким кабатырланып айтып жатат. 18 айдан бери түбөлүк жаткан муздардын эрип жаткандыгын ким ойлоп жатат? Суу ташкындары тууралуу ким сүйлөп жатат? "Бул табигый өч алуубу же жокпу, билбейм, бирок табият бизге кескин жооп берди", - деди Ватикан лидери.
Ал ошондой эле Гитлердин 1933-жылдагы сөздөрүн эске салган айрым мамлекеттик жетекчилердин популисттик билдирүүлөрүнө тынчсыздануусун билдирди. Анын ою боюнча, бул лидерлер эки жүздүүлөр.
--"Мени эки жүздүү саясатчылар тынчсыздандырат, алар дүйнөлүк кризис жана ачкачылык көйгөйү жөнүндө сүйлөшүп жатышат, бирок ошол эле учурда курал-жарак өндүрүшүн жылдан-жылга көбөйтүүдө", - деди Франциск.
Папанын айтымында, дүйнө жүзүндөгү инсандар өндүрүштүн жана керектөөнүн темпин басаңдатып, табиятты түшүнүүгө үйрөнүшү керек, ал эми коронавирустун жайылышы адамдардын табиятка жоопкерсиз мамилесинен улам келип чыккан.
Булак: NazarNews.kg