www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк агымдарын жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын пандемиянын жайылышын болтурбоо боюнча Кытай Өкмөтүнүн көрүп жаткан күч-аракеттерин, ошондой эле кытай эли көрсөткөн чыдамдуулукту жогору баалаганын белгиледи. Коронавирус инфекцисы менен күрөшүүгө берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Тараптар түзүлгөн кырдаалда бири-бирине колдоо көрсөтүүдө өз ара тилектештигин жана даярдыгын билдиришип, илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашышты.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости