www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов Инстаграмдагы түз эфирде катталуучулар менен баарлашып жатып, мигранттардын мекенине кайта албай жатканын – өкмөттүн чабалдыгы деп баса белгиледи.

«Мигранттар мамлекеттен 1 сом сураган жок. Чартердик учактын билеттерин мигранттар өздөрү төлөп жатышат. Биз мигранттар менен сүйлөшкөндө аларды алып келүүчү авиа компания даяр экен. Бул боюнча өкмөткө кайрылганда жарытылуу жооп ала алган жокпуз. Бул боюнча эртең 15-апрелде  боло турчу жыйында дагы көтөрөбүз», - деди депутат.

Белгилей кетсек, коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде мындай абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району кошулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости