www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариянын Церматт айылынын жашоочулары Маттерхорн тоосуна проекциялык экран орнотушуп, ага "Үйдө бол!", "Азыр кыялдан, кийин саякатта", "Үмүт" деген сөздөрдү жазышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.

Алар пандемиянын шартында жашап жаткан жашоочулар үчүн "үмүттүн символу" керек деп эсептешкен.

Кийинчерээк бул тоонун бетинде коронавирустан жабыркап жаткан Европа өлкөлөрүнүн желектеринин сүрөтү көрсөтүлө баштаган.

"Пандемия - баарыбыз бир бүтүн нерсенин бөлүгү экендигибизди көрсөттү. Бир чети учурдагы абал ар бир адамдын өзүн таанып, жан дүйнөсүндө жаңы нерсени ачууга мүмкүнчүлүк берүүдө", - деп долбоорду ишке ашырып жаткан сүрөтчү айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости