www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддагы “Кыргызнефтегаз” ишканасында бир эркектин жарандык никедеги аялы жана расмий никедеги аялы мушташып, алардын бири соттолду. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

"Соттун чечиминде айтылгандай, 1981-жылы туулган Айжаркын аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын 15-январында болжол менен саат 06:00дө Майлуу-Суу шаарына караштуу Нефтепром айылындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасында иштеген күйөөсү Рустамга келген. Айдай ал жактан күйөөсүнүн ойношун Гүлнараны көрүп калып, ага кол салып асылган. Гүлнара ага жооп кылып, колундагы аш кепкир менен уруп-сабаган.

Соттук отурумунда айыпкер өз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал, 2020-жылдын 14-январь күнү Кочкор-Ата шаарынан жумушунан чыгып, жарандык никеде жашаган жолдошу Рустамдын чакыруусу менен кечки саат 21:00 чамасында күйөөсү иштеген “Кыргызнефтегаз” ишканасынына келгенин айткан. 

Ал ошол түнү аябай кеч болуп кеткендиктен Рустамдын жумушунда түнөп калган. Анын эртеси, 15-январда болжол менен саат 06:00дө жолдошуна тамак ысытып жаткан учурда Рустамдын расмий никедеги аялы келип калган.

“Ал мени эки колу менен мойнуман муунтуп баштады, дубалга алып барып такап, колу менен бети башымды тытмалап салган. Мен өзүмдү коргоого аракет кылдым, Гүлнараны чачынан кармап, колумдагы аш кепкир менен кантип урганымды байкабай калыптырмын. Ошол учурда менин жарандык никедеги күйөөм, Рустам бөлмөгө кирип келип, бизди ажырата баштады. Андан кийин ал Айжаркынды көчөгө алып чыгып кетти. Мен дагы көчөгө чыктым, таксиге отуруп Кочкор-Ата шаарына кетип калгам. Рустам экөөбүздүн ортобузда 3 жашар балабыз бар. Соттон жеңил жаза сурайм” – деп билдирген айыпталуучу.

Жабырлануучу Гүлнара сотко Рустам менен 2014-жылдан бери жашап жаткандыгын айткан. Үстүбүздөгү жылдын 14-январында “Кыргызнефтегаз” ишканасында айыпталуучу Айжаркын кол салганын айтты. Ал Майлуу-Суу шаардык оорууканасына кайрылып, бетин тиктирип, даарыланып чыкканын айтып, соттон айыпкерге карата мыйзам чегинде жаза берүүнү суранган.

Ал эми Рустам 14-январь болжол менен саат 21:00дө жарандык никедеги аялы Айжаркын чалганын, жашап жаткан батирге акча төлөш керек болуп жатат деп айткандыктан, аны жумушуна чакырганын айткан.

“Болжол менен саат 22:30дө Айжаркын мен иштеген ишканага келип, түнөп калган. 15-январь болжол менен 05:30дө менин никеде турган аялым Гүлнара келип калды. Аял кишинин кийимин көргөндөн кийин ызы-чуу сала баштады. Мен ага сүйлөшүп чечели дедим. Ал макул болду. Мен кийимди ордуна койгончо, Гүлнара ашканага кеткен экен. Ал жактан менин экинчи аялды көрүп, ага кол сала баштаган. Мен алардын ортосуна түшүп, ажырата баштадым. Экинчи аялымды сыртка чыгарып, тынчтандырып жаткам. Бирок, ал таксиге түшүп кетип калды. Менин жарандык никедеги аялым никедеги аялымды аш кепкир менен урганын көргөн эмесмин”  – дейт Рустам.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, жабырлануучу жеңил жаракат алган. Тергөөнүн жүрүшүндө жана сот залында соттолуучу Айжаркындын күнөөсү толугу менен далилденди.

Тараптардын пикирин уккандан кийин, сот айыпталуучу Айжаркынды 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратты. Бирок сот пробациялык көзөмөлдү бир жылга чейинки мөөнөткө дайындоону чечти", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости