www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чүй аймактык ооруканасына кайрылган Чүй районундагы айрым үй – бүлөлүк дарыгерлердин борборлору обсервацияда жаткандар областтын аймагына жакын тургандыктан, атайын коргонуу кийимдердин жетишсиздигин айтып тынчсызданышууда. Эл өкүлүнө айттыңар, - деп аларга кысым көрсөтүлбөсө”, - дейт депутат Айнура Аскарова бүгүн, 14-апрелде Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда Саламаттык сактоо министрине суроо жолдоп.
Эл өкүлү ошол атайын кийимдердин сапаттары стандарттарга дал келээр – келбесин да тактады. Бул суроого жооп кайтарып Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов: - “Атайын кийимдер дарыгерлердин 3 топтогулары (жугуштуу оорулар менен түздөн -түз иштегендер, эпидбригадада иштегендер, лабораторияда иштегендер) үчүн өз – өзүнчө иштелип чыккан. Жалпысынан бюджеттен бөлүнгөн 30 млн. каражаттын 3 млн. 300 миң сомуна зарыл кийим – кечелер сатылып алынган, гуманитардык жардамдар да келип жатат", - дейт.
Депутат ошондой эле, “Тирүү алып калгыла”, - деген дартка кабылган дарыгерлерге кандай психологиялык мотивациялар берилип жаткандыгына да кызыкты.
Жыйынга тармактык комитеттердин мүчөлөрү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү келип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Булак: NazarNews.kg