www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө боюнча чечкиндүү чараларды көрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу мамлекет башчы 26-январда «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди.

Ошол эле күнү кечинде өкмөт башчы Аскар Маминдин катышуусунда өткөн жыйында аэропорттордогу жана казак-кытай чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле кытай товарлары сатылган чек арадагы «Хоргос» базарынын ишин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустан 80ге жакын адам каза тапты. Өлкөнүн бир топ ири шаарларында коомдук транспорт токтоп, элдин ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди. Кытайдан тышкары АКШ, Тайланд, Түштүк Корея, Жапония, Австралия жана Францияда ооруну жугузгандар аныкталды.

Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"

Последние новости