www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын тактоо иштери ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди, деп жазат Tengrinews.kz.
«Келишимге 2022-жылдын 2-декабрында Ташкентте эки мамлекеттин башчылары кол коюшуп, эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификацияланган. Бул келишимдин күчүнө кириши Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы 19 жылдык мамлекеттик чек араны тактоо процессинин толук аяктаганын билдирет. 2357 чакырым чек ара 1301 чек ара белгиси менен белгиленген жана сегиз миңден ашык барактан турган бир демаркациялык документте чагылдырылган», - деди Смадияров.
2022-жылы Казакстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун макулдашкан.
Булак: NazarNews.kg